Редакцияот 27.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

 

2023-жылдын 27-марты № 4

 

Ноокат шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын негизинде жергиликтүү жамааттын уставын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана кабыл алуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү, андан соң аны практикага киргизүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү максатында Ноокат шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген корутундусунун негизинде угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы №1-тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаарынын мэри У.К. Турганбаевке тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Мадмаров

 

Эскертүү: Ноокат шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын кагаз түрү келип түшкөн эмес.