Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 15-майы № 04-13/151
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине
караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют
департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу (мындан ары – Министрлик) Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасынын Уставы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин репутацияны башкаруу бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн бул буйруктун көчүрмөсүнжарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук турдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Министрликке караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо мал чарба тармагын тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр |
| Б.Э. Торобаев |
Тиркеме
Министрликтин
2024-жылдын “___” ________
№___________ буйругуна
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат.
4. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасы”;
- расмий тилде: «Кыргызгосплемзавод» при Департаменте племенного животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекттик тилде: “Кыргызмамасылтукумзаводу” МИ;
– расмий тилде: ГП «Кыргызгосплемзавод».
5. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
6. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары болот.
8. Ишкана Ишкананын милдеттенмелери боюнча кепилдик алган учурларды тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
10. Ишкананын өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын түзүүнү Ишкана жүзөгө ашырат.
Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Ишкана бекиткен жоболордун негизинде иштешет.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толугу менен жооп берет.
Мамлекеттик ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Фрунзе айылы, Разное көчөсү, 5.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын максаты селекциянын жана асылдандыруу ишинин заманбап методдорунун негизинде жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малды жана жаш малды көбөйтүүнү уюштуруу болуп саналат.
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын асыл тукум малды өндүрүүдөгү муктаждыктарын канааттандыруу жана алынган асыл тукум жаш малды республиканын фермердик, дыйкан жана башка чарбаларына республиканын мал чарбаларынын негизги үйүрүнүн баштапкы базасын түзүү үчүн сатуу;
2) жаш малды багуунун жана тоюттандыруунун, селекциянын жана асылдандыруу ишинин, багуунун жана даярдоонун заманбап көрсөтмө технологиясын түзүү.
14. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) селекциянын жана асылдандыруу ишинин заманбап методдордун негизинде жогорку өндүрүмдүү асыл тукум жаныбарларды жана жаш малды көбөйтүүнү уюштуруу;
2) республиканын фермердик, дыйкан жана башка чарбаларына алардын негизги үйүрүн жакшыртуу үчүн жогорку өндүрүмдүү жаш малды берүү;
3) республиканын фермерлерин жана дыйкандарын селекциянын заманбап технологияларына жана асыл тукум ишин жүргүзүүгө, мал багууга жана тоюттандырууга, ошондой эле иштин башка ыкмаларына окутуу;
4) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
5) айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөө үчүн машина-трактордук станцияларды түзүү;
6) айылдык товар өндүрүүчүлөргө өндүрүштүк иштерди жүргүзүүдө жардам көрсөтүү;
7) акы төлөнүүчү агротехникалык-механизациялашкан кызматтарды көрсөтүү;
8) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Департамент тарабынан коюлган Ишкананын функцияларына байланыштуу башка милдеттерди аткарат.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
15. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу :
1) көбөйтүү максатында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн асыл тукум бодо малды сатып алууга;
2) илимдин жана практиканын заманбап жетишкендиктеринин деңгээлинде туура эсепке алууну, селекцияны жана асыл тукум ишин жүргүзүүгө;
3) өстүрүлгөн ири мүйүздүү малды республиканын фермердик, дыйкан жана башка чарбаларына сатууга;
4) Ишкананын тоют базасын түзүү үчүн узак мөөнөттүү ижара шартында айыл чарба жерлерин туруктуу пайдаланууга;
5) которуштуруп айдоо пландарын дайыма сактоого, берилген жерлердин асылдуулугун жогорулатууга, алардын арыкашына жана эрозиясына жол бербөөгө;
6) чарба жүргүзүү укугунда имараттарды, курулмаларды, технологиялык жабдууларды, айыл чарба техникаларын, турак жай фондун жана башка буюмдарды алууга, ошондой эле жаңыларын сатып алууга, курууга, болгон курулмаларды реконструкциялоого;
7) өз муктаждыктары үчүн малдын жана канаттуулардын балансталган тоюттарын, ошондой эле өзүнө жана башка чарбагы сатуу үчүн чийки затты өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенүүгө,;
8) айыл чарба субьекттерине акы төлөнүүчү механизациялашкан агротехникалык кызматтарды көрсөтүүгө;
9) юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
10) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен келишимдерди өз алдынча түзүүгө;
11) Ишкананын максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн кызматкерлерди окутууга жана консультация берүү үчүн белгиленген тартипте келишимдик негизде адистерди тартууга;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарачы жана ижарага берүүчү катары чыгууга;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
14) кеңеш берүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
15) максаттарга жетүү үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
16) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
17) эмгек келишимдердин, мөөнөттүү эмгек келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке жактарды белгиленген тартипте тартууга;
18) Ишкананын кызматкерлерин иш-сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
19) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну ишке ашырууга;
20) белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;
21) продукцияны сатуудан киреше алууга;
22) өндүрүштүк-финансылык пландарды түзүүгө жана эсепке алууга;
23) эмгекти уюштурууга жана кирешелерди максаттуу бөлүштүрүүгө;
24) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
16. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн милдетүү:
- Ишкана иш аткарып жана кызмат көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттары камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Ишкананын зарыл отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
- чарбалык башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
17. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
4- глава. Мамлекеттик ишкананы башкаруу
18. Ишкананы башкаруучу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - Ишкананын мүлкүнө менчик укугун ишке ашыруучу Ишкананын уюштуруучусу;
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруучу орган болуп Ишкананын ишин жалпы жетектеген жана координациялаган, тейлөөчү тармактык маселелер боюнча Ишкананын ишин стратегиялык пландоону ишке ашырган Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин саналат;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдогон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекетик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги саналат;
4) Аткаруучу орган (жетекчи) – директор. Ишкананын директору учурдагы ишти башкарууну жүзөгө ашырат.
5- глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
19. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётту, республикалык бюджетке чегерилүүчү таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкана жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкана жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкана жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу жана кызматка дайындоо жөнүндө мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча сунуш киргизүү;
9) Ишкана жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызматтан бошотуу жана кызматка дайындоо;
10) Ишкана жетекчисине жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишканан жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкана жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага тиешелүү мүлктү багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу органынын чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
20. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттун документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарууга зарыл болгон бардык башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
2) ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу, аны сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызматтан бошотууга, ага карата тартипке чакыруу чараларын көрүүгө же сыйлоого;
4) Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага тиешелүү мүлктү сакталышын, багыттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге Ишкананын аймагына барып текшерүүгө жана кароого ыйгарым укук берүүгө.
6- глава. Мамлекеттик ишкананы мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
21. Мамлекеттик ишкананы мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкана жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкана жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү.
9) коммерциялык эмес уюмдардын жана коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү
27. Ишкананы мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана стратегиялык өнүктүрүү планы үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкана жетекчисин кызматтан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттикбашкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.
28. Мамлекеттик башкаруу органы милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) ага белгилүү болгон ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалыматты берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да аткарат.
29. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп саналган мамлекеттик орган жоюлган жана тиешелүү мамлекеттик функциялар боюнча укук улантуучусу жок болгон учурда, мындай мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан ушул сыяктуу чөйрөдө функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныкталат.
7- глава. Ишкананын жетектөөчү курамы
21. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- директор, директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
22. Өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчи курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башкы сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
23. Төмөнкү адамдарга Ишкананын жетекчи курамына кирүүгө болбойт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде жоюлган кылмыштары бар адамдар;
3) уюмдун жетекчисинин канаттаандырарлык эмес иши үчүн мурда ээлеген кызматынан бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъектте жетекчи кызмат орундарын мурда ээлеген, аны банкротко алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчи курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
8- глава. Ишкананы башкаруу
24. Ишкананын директору башкарат.
25. Директор мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган, ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ишкананын директору, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматынан бошотулат.
24. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган Директор Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
27. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын ишине канаттаандырарлык эмес баа алынганда жана анын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
- иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
- эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай
аткарбаса;
- ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттерде;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
26. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- келерки жылга ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
- ишкананын финансылык-чарбалык иши жана өнүгүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- Мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
1)
2)
3)
4)
5)
6)
7)
8)
1)
6) кызматкерлерди ишке кабыл алуу жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
7) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
8) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
9) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
-
-
-
-
10) Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
27. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, уставына жана ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Ишкананын ушул уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка укуктарга.
28. Ишкананын директору милдеттүү:
- мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүгүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди кароого киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин ар кандай чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- өзүнө белгилүү Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
- Ишкананын директору ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
29. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
30. Ишкананын директору:
- ишеним катсыз Ишкананын атынан аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
31. Ишкананын директору жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
32. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
33. Ишкананын директорунун орун басары Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
34. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына жүктөлөт.
35. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка укуктарга ээ.
39. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
40. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон мамилеси чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө келишимдердин негизинде түзүлөт.
10- глава. Эсеп, пландаштыруу, отчеттуулук
42. Ишкана өз ишин мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган жылдык иш планынын негизинде же 3 жыл жана андан ашык узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
43. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
44. Ишкана келишимдин предметин, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын эркин аныктайт жана тандайт.
45. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
46. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет:
- ички аудиторго;
- ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
47. Ишкана финансылык-чарбалык ишти өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
48. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
- тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин болуу зарылдыгынын негизин;
- ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
- уюштуруу планын;
- каржы планын;
- тобокелдиктерди талдоону.
49. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга мамлекеттик ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы, анын ичинде өткөн жыл үчүн мамлекеттик ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган 20-мартка чейинки мөөнөттө:
1) Ишкананын келерки жылга бюджети;
2) финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчет;
50. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
51. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
11- глава. Ишкананын мүлкү жана финансысы
52. Ишкана Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугу берилген эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп мамлекеттик менчик болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү ыкчам алып баруу укугу саналат.
53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктарын түзөт.
54. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
3) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
4) пайдалануудан алынган же сатып алынган кирешени, жемишти, продукцияны, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү кошо алгандагы мүлк чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
5) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
6) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
7) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бардык булактар.
55. Ишкана өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын уставдык максаттарына жана иштин предметине ылайык жүзөгө ашырат.
56. Ишкананы мүлкүнөн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
57. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
12- глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
58. Ишкананы кайра уюштуруу биригүү, кошулуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же трансформация түрүндө болот.
Мамлекеттик ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
59. Ишкана мамлекеттик орган же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
60. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акцияларынын жүз пайызы (үлүшү) мамлекеттин менчигинде (акционерлештирүүдө) турган жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананын кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом, бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатындагы мураскору болуп саналат.
61. Ишкана жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
62. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
63. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 05/2-17/226 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ