Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 34
Айыл аймактагы Ак-Суу дарыясынын кооптуу жээктерин бекемдөөгө каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Кыя айылында дарыянын жээгин бекемдөө иштерине айыл өкмөттүн бюджетинен 900 000 (тогуз жуз миң) сом, Учкун айылында дарыянын жээгин бекемдөө иштерине 300 000(үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн чарба башчысы З. Максутовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |