Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-марты № 6
Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын № 6 токтомуна өзгөртүү-түзөтүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 74-75-76-беренесинин жана тийиштүү укуктук-ченемдик актыларынын негизинде Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы юридикалык, жеке ишкердик, жеке ишкердик жүргүзгөн тараптар жана кожолуктардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндөгү сунушун карап чыгып жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы ишкердик жүргүзгөн тараптарга 1м квадрат аянтына 10 сом өлчөмүндө жыйымдын ставкасы бекитилсин.
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы юридикалык жана муниципалдык ишканаларда иштөөчүлөрдүн санына карата алынуучу таштанды жыйымы 100 (жүз) сом өлчөмүндө (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексине ылайык) эсептелсин.
3. Таштанды жыйымын жыйноону 2023-жылдын 1-апрелине чейин аяктоо Ноокат шаар мэриясына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Мадмаров
|
| Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-мартындагы VI чакырылыш XVIII сессиясынын № XVIII-6 токтомуна 1-тиркеме | |
Таштандыларды ташып чыгаруунун тарифтери | ||
№ | Керектөөчүлөрдүн категориясы | Өлчөө бирдиги | Таштандыларды ташып чыгаруунун жылдык тарифи | Эскертүү |
1 | Калк | Сом | 100 | Ар бир үй бүлөөгө |
2 | Мекеме-ишканалар | Сом | 100 | Ар бир жумушчуга |
3 | Автосервис ишканалары (автоунаа жуучу, АЗС, СТО, автоустаканалар, вулканизация станциялары ж.б.) | Сом | 100 | 1 метр квадрат 10 сом |
4 | Соода-сатык (дүкөндөр, кичи дүкөндөр, базарлар, кичи базарлар) | Сом | 100 | 1 метр квадрат 10 сом |
5 | Коомдук тамактануучу жайлары (ашканалар) | Сом | 100 | 1 метр квадрат 10 сом |
6 | Башка керектөөчүлөр (кызмат көрсөтүү, мончо ж.б.) | Сом | 100 | 1 метр квадрат 10 сом |
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
| М.Ярматов |