Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 36
Учкун айылындагы кичи спорт аянтчасынын кийим алмаштыруучу бөлмөсүнүн курулуш иштерине каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Учкун айылындагы кичи спорт аянтчасынын кийим алмаштыруучу бөлмөсүнүн курулушуна өкмөттүн бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн чарба башчысы З. Максутовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |