Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 39
Күлдү айылынан футбол аянтчасына жер аянтын трансформациялоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10-беренесинин 1-3-пункутуна жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылындагы жаңы жолдун түндүк тарабындагы №706 контурунда жайгашкан жайыт жеринен 0.50 га жер аянтын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
2. Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталсын жана футбол аянтчасын куруу максатында пайдаланылсын .
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Мажитовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |