Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма тогузунчу сессиясынын

 

2024-жылдын 19-февралы № 29-4

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын тургундарынын атынан Х.Ганиевдин арызын кароо жөнүндө

  

   Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын Ярмат ажы көчөсүн Каримжан ажы көчөсү деп өзгөртүп берүү максатында айыл тургундарынын протоколунун негизинде кезектеги сессияда карап чыгып Т. Зулпуев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын Ярмат ажы көчөсүн Каримжан ажы көчөсү деп өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарды кароо жагы Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.

3. Каримжан ажы атындагы көчөнүн тазалыгын иретке келтирүү дайыма көзөмөлдөп туруу Таштак айылынын айыл башчысы Ж. Жороевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М. Бакиров