Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма тогузунчу сессиясынын
2024-жылдын 19-февралы № 29-5
Яма беккари чүңкурун куруу үчүн 0,05сотых жер ажыратуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы арам өлгөн мал жандыктардын, ит мышыктардын өлүгүн көмүү үчүн свалканын жанындагы №238 контурунун 9.97га (тогуз гектар токсон жети сотых) жайыттын эсебиндеги жер аянтынын ичинен 0,05 (беш сотых)жер аянтын ажыратып берүү максатында Т. Зулпуев айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында карап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы арам өлгөн мал жандыктардын, ит мышыктардын өлүгүн көмүү үчүн свалканын жанындагы №238 контурунун 9.97га (тогуз гектар токсон жети сотых) жайыттын эсебиндеги жер аянтынын ичинен 0,05 (беш сотых)жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду аткарууга жана жетекчилике алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |