Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясынын
2024-жылдын 6-мартындагы №30-2
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевдин 05.03.2024-жылдагы № 01-19/385 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кара-Кой айылынын тургундарынын турак жайына тийешелүү жер аянттарына Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын №21.12.2022-жылдагы № 01-18/704 сандуу чыгыш катынын негизинде жалпы жери 40,57га (кырк гектар элүү жети сотых) аянтын түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-март 1992-жылдагы №82-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат районунун “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлгөн жана 22-октябрь 1993-жылдагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын №294 сандуу токтому менен Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркына 11172,0га жер аянтынын ичинен 40,57га(кырк гектар элүү жети сот) жер аянтын Кара-Кой айылынын тургундарына турак - жай курууга бөлүп берүү үчүн Ноокат районунун “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-март 1992-жылдагы №82 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине сунуш берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |