КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-апрели № 1956-VII
Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1970-VII , 2024-жылдын 27-июнундагы № 2322-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Мекенчил" депутаттык тобунун 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 124 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды иликтөө боюнча төмөнкүдөй курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
Г.О.Култаева - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.М.Мураталиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.А.Маматалиев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Г.С.Молдобекова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
С.А.Айжигитов - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
У.Б.Бакасов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
К.К.Самаков - "Элдик" депутаттык тобунан.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1970-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары көмөк көрсөтсүн.
3. Маалыматтарды жыйноо, талдоо, иликтөө жана жалпылоо, материалдарды даярдоо үчүн Комиссия өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерин, зарыл болгон учурда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, коомдук уюмдардын адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
4. Комиссия 2024-жылдын 3-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-июнундагы № 2322-VII токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |