Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-декабры № 26/2
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2019- жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын 9 (тогуз) айлык аткарылышы, 2021-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2019- жылга бекитилген бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча 2019- жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгү айрым кемчилдиктери менен аткарылгандыгы белгиленсин. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2020- жылдагы бюджетинин 9 айдагы киреше бөлүгү 10665,2 мин сомго, чыгаша бөлүгү 9027,1 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше бөлүгүнүн долбоору жергиликтүү бюджетине 15897,5 минң сомго, 2021-жылдын чыгаша бөлүгүнүн долбоору жергилүктүү бюжетине 15897,5 миң сомго бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы ( К. Асанов ) , Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы ( К. Ибраимов ) 2021- жылда бюджетинин статьялар боюнча толук аткарылышына жетишүүсү талапкылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрага И. Курманбаев) жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын .
Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасы: | Э. Жакеев. |