Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-апрели № 1962-VII
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Б.К.Чойбеков, Т.А.Масабиров, А.Т.Маткеримов, А.А.Козуев, Ы.Ы.Атажанов, У.Б.Бакасов, К.Л.Ханджеза, А.Алтынбеков, Р.Ш.Жакышов, С.А.Омурзаков, Т.И.Икрамов, Ж.П.Нурбаев, Ч.И.Ажибаев, А.Т.Эрбаев, Ш.К.Атазов, Т.Т.Мамытов, Ш.Мажитова, Б.З.Түлөбаев, Л.Х.Лурова, М.Ж.Сыдыков, Э.К.Кокулов, Б.Э.Тентишев, А.Исатбек кызы, Э.К.Абакиров, К.А.Талиева тарабынан демилгеленген "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |