Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-апрели № 1968-VII
Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарында Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери дайыма көтөрүлүп турат. Атап айтканда, жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу жана окуучулардын тамактануусу, жалпы республикалык тестирлөө өткөрүү, социалдык объекттерди куруу, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин коопсуздугу жана эмгек мигранттарынын абалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык камсыз кылууну жакшыртуу, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт кызматкерлерин колдоо маселелери.
Калктын жашоо сапатын жана деңгээлин жогорулатуунун негизи катары социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, ошондой эле социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын, мектептен тышкаркы уюмдардын жана кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу;
- саламаттык сактоо, маданият жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, ошондой эле республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуучу спортчулардын, машыктыруучулардын, спорттук врачтардын иш сапарларынын чыгымдарынын өлчөмүн көбөйтүү;
- республикалык бюджеттен каржылоо менен жаңыдан ачылып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн штаттык бирдик жөнүндө маселени кароо;
- жалпы билим берүү уюмдарында психологдун жана медициналык кызматкердин штаттык бирдигин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында логопеддин штаттык бирдигин киргизүү;
- операциядан кийинки реабилитацияны каржылоо жана органдарды трансплантациялоо боюнча (республикада жана чет өлкөлөрдө) операциядан өткөн бейтаптарды кийин коштоп жүрүү жөнүндө маселени кароо;
- баштапкы социалдык гранттын өлчөмүн 200 миң сомго чейин көбөйтүү;
- чет өлкөдөн кайтып келген эмгек мигранттарын кесиптик кайра даярдоо боюнча тездетилген жана кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу;
- балдарды коргоо жана укуктук колдоо маселелери боюнча региондордо социалдык кызматкердин штаттык бирдигин ачуу маселеси;
- 18 жашка толгон жетим балдарды алгачкы төлөмсүз кезексиз ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу;
- стандарттарга ылайык жашы жетпегендер үчүн колониялардын тарбиялануучуларын багуу шарттарын жакшыртуу жана аларды юридикалык жардам менен камсыз кылуу;
- жашы жетпегендер үчүн колониялардагы жашы жетпегендерге билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү;
- билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүү уюмдарында жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында) практикалык сабактарды өтүү жана изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн заманбап устаканаларды жана лабораторияларды түзүү;
- айыл жерлеринде билим берүү процессин жана медициналык тейлөөнү жакшыртуу максатында Кыргызстандын айылдык жана алыскы региондоруна 60 жашка чейинки жана андан жогорку курактагы педагогикалык жана медициналык кадрларды тартуу программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- республиканын райондук маданият үйлөрүн үн жазуучу аппараттар жана музыкалык аспаптар менен камсыз кылуу;
- билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт уюмдарынын имараттарын инвентаризациялоо жана штаттык бирдиктердин санынын штаттык ырааттамага шайкештигин аныктоо;
- саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт чөйрөсүнүн жаш адистерин кызматтык турак жай менен камсыз кылуу, ал эми кийин жеке турак жай куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу;
- республиканын жалпы билим берүү, билим берүү уюмдарында тамак-аш ченемдерин көбөйтүү;
- басылып чыгуучу окуу китептеринин жана окуу материалдарынын сапатын жакшыртуу, мектептерди окуу предметтери боюнча окуу китептери менен камсыз кылуу деңгээлин 100%га жеткирүү;
- жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында мамлекеттик тил боюнча тест тапшырууга этабы менен өтүү;
- жалпы билим берүү уюмдарында баштапкы аскердик даярдык боюнча предметти киргизүү;
- 12 жылдык билим берүүгө сапаттуу өтүү (кадрдык жактан камсыз кылуу, окуу материалдары жана материалдык-техникалык база менен камсыздуулук);
- мамлекеттик жана расмий тилдерде жалпы республикалык тестирлөө тапшыргандардын арасында алтын сертификаттарды бирдей бөлүштүрүү;
- окуучулардын, айрыкча интернат тибиндеги жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жайкы эс алуусун уюштурууну жакшыртуу;
- региондордо жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекторлордун штаттык бирдиктерин көбөйтүү;
- социалдык чөйрөнүн объекттерин курууга багытталган мамлекеттик капиталдык салымдарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен өз убагында каржылоо;
- Бишкек шаарынын № 9, 13, 17, 26, 29, 31, 38, 68, 69, 70 жалпы билим берүү уюмдарынын толуп калгандыгына байланыштуу, алардын кошумча окуу корпустарын куруу;
- жеңил конструкциялардан мектептен тышкаркы уюмдардын (балдар чыгармачылык борборлору), айылдык музейлердин, китепканалардын жана клубдардын, социалдык камсыз кылуу жана миграция, саламаттык сактоо уюмдарынын жаңы заманбап имараттарын куруу;
- мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарында санитардык ченемдерге жооп берүүчү ички санитардык-гигиеналык жайларды куруу;
- республиканын калкын дарылоо жана медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн облустук, аймактык клиникалык ооруканаларды заманбап медициналык жана диагностикалык жабдуулар менен камсыз кылуу;
- республиканын алыскы жана тоолуу райондорунун медициналык мекемелерине чыгуу үчүн "А" классындагы тез жардам" УАЗ автомашиналары менен камсыз кылуу;
- жарандардын репродуктивдик саламаттыгын жакшыртуу маселеси;
-республиканын дарыканаларын жашоо үчүн маанилүү дары-дармектер менен жабдуу;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программасын кайра кароо;
- медицина кызматкерлерин акысыз негизде аттестациядан өткөрүү маселеси;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын Кыргыз Республикасынын башка регионуна дарыланууга убактылуу кетүүсүнө байланыштуу, аларды эсепте калтыруу маселеси;
- Райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссияны (МСЭК) Баткен облусунун Баткен районунун, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссияларына бөлүү маселесин кароо;
- Нарын облусунун Ат-Башы районунун Таш-Рабат тарыхый эстелигин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин балансына өткөрүп берүү;
- маданият кызматкерлеринин гастролго чыгуусу үчүн транспорт бөлүп берүү;
- социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу.
3. Ушул токтомду аткаруу боюнча жасалган иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2025-жылдын 1-мартына чейин квартал сайын маалымдап турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-апрели № 1968-VII
Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 2882-VII токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтомду аткаруу боюнча жасалган иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2026-жылдын 1-мартына чейин квартал сайын маалымдап турсун.