Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-декабры № 26/5
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн таштанды салыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 беренесинин 14 пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31 беренесинин 14 пунктуна ылайык ар бир түтүнгө 50сом өлчөмүндө таштанды салыгы бекитилсин.
2. Таштанды салыгынын топтоо мөнөтү 2021-жылдын 25-ноябрына чейин белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюжет боюнча туруктуу комиссиясына (төрага И.Курманбаев) жана айыл өкмөтүнүн жыйымдар боюнча башкы адиси А. Жолдошбаевге тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасы: | Э. Жакеев. |