Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-майы № 2127-VII
Балдардын жашоо-тиричилигинин коопсуздугу жөнүндө
Балдардын жашоо-тиричилигинин коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Исатбек кызынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- үй-бүлөнү жана балдарды социалдык колдоо жана коргоо борборун түзүү;
- ички иштер органдарынын жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга жакын жайгашкан аймактарды кайгуулга алуусу;
- жалпы билим берүүчү уюмдардын айланасында видеокөзөмөл камераларын жана жол белгилерин орнотуу;
- жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга жакын жердеги светофорлордун, жөө жүрүүчүлөр өткөөлдөрүнүн жана башка жол белгилеринин болушуна мониторинг жүргүзүү;
- көлмөлөрдү өндүрүштүк, ден соолукту чыңдоо же спорттук максаттарда, ошондой эле көпчүлүк эс алуу үчүн пайдалануучу ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана башка чарбалык субъекттердин жетекчилеринин суу объекттеринде эскертүүчү коопсуздук белгилерин милдеттүү түрдө орнотуусун контролдоо;
- "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо жана коргоо, ошондой эле өзгөчө кырдаал пайда болгондо иш-аракеттерди координациялоо жана балдардын өмүрү менен ден соолугу үчүн коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышын минималдаштыруу максатында алдын алуу жана билим берүү иш-чараларын уюштуруу бөлүгүндө аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобонун 4-главасын аткаруу;
- жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучулары үчүн күтүүсүз кырсыктарды болтурбоо максатында окуу-машыгуу сабактарын жана семинар-тренингдерди уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы окуу-изилдөө борборунун базасында жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" сабагы боюнча милдеттүү тартипте окуу курстарын уюштуруу жана аларды аяктагандан кийин сертификаттарды тапшыруу;
- коопсуздук эрежелерин окутуу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда токтоосуз чара көрүү максатында мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүү алгоритмин иштеп чыгуу;
- "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" сабагын окуу программасына 1-класстан 9-класска чейин өзүнчө сабак катары, ал эми 10-11-класстарда класстык саат катары киргизүү;
- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн окуу программасына "Жарандык коргонуу" сабагын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүүчү уюмдарды зарыл өрт өчүрүүчү жабдуулар менен камсыз кылуу;
- "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтомун аткаруу;
- балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук көрсөтүлгөн учурларда шашылыш консультациялык психологиялык жардам кызматы (телефон - 111) жана шашылыш кызматтарды чакыруу системасы (телефон - 112) жөнүндө жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларын улуттук иш-чараларга тартууга тыюу салуу;
- балдардын ден соолугун чыңдоо мекемелеринде жана балдар лагерлеринде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- "Акыркы коңгуроо" салтанаттуу иш-чарасын өткөрүү мезгилинде мектеп окуучуларынын өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чараларды күчөтүү;
- жыл сайын "Балдардын коопсуздугу - жалпы камкордук!" акциясын өткөрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 1-майына чейин квартал сайын ушул токтомду аткаруу боюнча жасалган иштердин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттерине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |