Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын IV -сессиясы
2024-жылдын 19-апрелиндеги №14
Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн
аймактык чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Кѳл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Болот Мамбетов айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Болот Мамбетов жергиликтүү кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Болот Мамбетов айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Болот Мамбетов жергиликтүү кеңешинин төрагасына жана жергиликтүү айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова