Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын V-сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы №18
Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнѳ караштуу Туура-Суу айылын кеңейтүү максатында трансформацияланып жаткан 12,5 га жер аянтынын инфраструктурасын ѳнүктүрүүгѳ байланышкан чыгымдары жѳнүндѳ.
___________________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровдун сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнѳ караштуу Туура-Суу айылын кеңейтүү максатында трансформацияланып жаткан 12,5 га жер аянтынын инфраструктурасын ѳнүктүрүүгѳ ( электр менен жабдуу, жолдору, бала бакчаны жана башка социалдык обьектилерди куруу) байланышкан чыгымдары Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн каражатынын эсебинен жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Г.Садыровага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова