Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын V-сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы №21
Жайыт комитетинин бюджетин бекитип берүү жана жайыт комитетинин жетекчисинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө
____________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Ж.Мааткеримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетинин 2024-жылга киреше-чыгаша бѳлүмү (№1 тиркеме) 500 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин 2024-жылга бекитилген бюджети 500 000 сомдун аткарылышы жайыт комитетинин башчысы Ж.Мааткеримовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова