Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын V-сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы №23
Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнѳ караштуу Туура-Суу айылын кеңейтүү максатында трансформацияланып жаткан 12,5 га жер аянтынын картасын бекитүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн айыл чарба жана мал чарбасы боюнча адис А.Ибраевдин сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнѳ караштуу Туура-Суу айылын кеңейтүү максатында трансформацияланып жаткан 12,5 га жер аянтынын картасы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Г.Садыровага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин Жер жана агрардык маселелер, ѳнѳр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат кѳрсѳтүү боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова