Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын V-сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы №24
Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнѳ караштуу Тѳрт-Күл айылындагы №5 бала бакчанын счетундагы акча каражатын ѳзүлѳрүнүн ремонт иштерине
которуп берүү жѳнүндѳ.
________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровдун сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнѳ караштуу Тѳрт-Күл айылындагы №5 бала бакчанын счетундагы 220776 сом акча каражаты ѳзүлѳрүнүн ремонт иштерине которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова