Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын V-сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы №25
СОЮЗ МСУга мүчѳлүк акыны 1 сомдон 5 сомго кѳбѳйтүү жѳнүндѳ.
_________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Кылжыровдун сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СОЮЗ МСУ га мүчѳлүк акы 1 сомдон 5 сомго кѳбѳйтүлсүн, жергиликтүү бюджеттен үнѳмдѳлгѳн акча каражатынан 62400 сом тѳлѳнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова