ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2023-жылдын 28-ноябры № 67
Жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Октябрь айылдык кеӊеш Октябрь айыл аймагынын Жолколот айылынын тургуну Темирбекова Алина Табылдиевна №276 контурунда жайгашкан 0,20 га жер тилкесин мал сарай чабан үйү менен курууга берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат:
1. Жолколот айылынын тургуну А.Т Темирбековага №276 контурунда жайгашкан 0,20 га жер тилкесин мал сарай чабан үйү менен курууга макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т Иманалиев |