Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVIII-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры № 70

Жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Октябрь айылдык кеӊеш Октябрь айыл аймагынын Жолколот айылындагы № 260 контурундагы 0,35га жайыт жер тилкесинин 0,33га жер тилкесин ошол эле категориядагы көп жылдык мөмө жемин түрүнө жана калган 0,02 га жер тилкесин ошол эле категориядагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө которуп берүү боюнча Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын трансфармацияло боюнча комиссиясынын корутундусун карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат:

 

1.Октябрь айыл аймагындагы Жолколот айылынын № 260 контурундагы айыл чарба категориясындагы көп жылдык алма-бак 0,35га жайыт жер тилкесинин 0,33га жер тилкесин ошол эле категориядагы көп жылдык мөмө жемиш жерлер түрүнө жана калган 0,02 га жер тилкесин ошол эле категориядагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга макулдук берет.

 

2. Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кенжебаевге иш кагаздарын толуктап берүү боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин .

 

3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Т Иманалиев