Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын V-сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы №28
2025-2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджеттин киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн долбоорун бекитүү жѳнүндѳ.
_________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына Болот Мамбетов айыл аймагынын 2025-2026-2027-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча Болот Мамбетов айыл аймагынын кирешелер жана чыгашалар боюнча башкы адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кирешелердин жана чыгашалардын ѳлчѳмү
2025-жылга 14234,3 миң сом ѳлчѳмүндѳ,
2026-жылга 14245,3 миң сом ѳлчѳмүндѳ,
2027-жылга 14296,3 миң сом ѳлчѳмүндѳ каралсын;
2. Республикалык бюджеттен алынуучу “Теңдештирүүчү гранттын” ѳлчѳмү
2025-жылга 21335,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ,
2026-жылга 21335,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ,
2027-жылга 21335,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ каралсын;
3. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова