Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын V-сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы №29
Келишим менен иштеген кызматкерлердин эмгек акысын кароо жѳнүндѳ.
_________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомунун жана Болот Мамбетов айыл аймагынын ФЭБ башчысынын кайрылуусунун, айыл башчылар кыскарып калгандыгына байланыштуу, кайрадан тѳрт айыл башчы алуу боюнча сунуштун негизинде айыл башчыларды алуу жана айыл башчыларынын эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен кароо максатында жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын тѳрт айыл башчыларынын штат бирдиги бекитилсин.
2. Айыл башчыларынын эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен үнѳмдѳлгѳн акча каражатынан каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова