Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII -чакырылышынын V-сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы №30
Болот Мамбетов айыл аймагынын “Береке-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жобосун бекитүү жѳнүндѳ.
_________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Кылжыровдун сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын “Береке-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жобосу бекитилсин. (жобонун тиркемеси тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин мандат, закондуулук, мыйзамдуулук, мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, этика жана диний иштер боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.Белекова
Катчы Г.Садырова