Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели  № 14/3

   Бириктирилген Жан-Булак айыл аймагынын административдик чек арасынын

аныктоо  жөнүндө

 

Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жан-Булак  айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап  Жан-Булак айыл аймагынын  айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XIV- кезексиз сессиясы  токтом кылат: 

 

1. Жан-Булак  жана Достук айыл аймактарын бириктирип ,Жан-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жан-Булак  айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.

2.Бириктирилген Жан-Булак айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2.Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте Нарын райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы  У.Боскунчиевге тапшырылсын.

 

 

  

Төрага

 

Б. Ормокеев