Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын III -кезектеги сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы № 30
Кызыл-Суу айылындагы “Иштерман” муниципалдык ишканасына транспорт кызматына акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык. Кызыл-Суу айылындагы “Иштерман” муниципалдык ишканасы аркылуу жасалган кызмат акысына акча каражаты бѳлүп берүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин берген сунушун ар тараптан карап чыгып, Барскоон жергиликтүү кеңешинин кезектеги сессиясы
токтом кылат:
1. Кызыл-Суу айылындагы “Иштерман” муниципалдык ишканасы аркылуу жасалган кызмат акысына 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы М.Байтерековго акча каражатын максаттуу чыгымдоо милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: айылдык кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарына -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска