Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы № 32
Жергиликтүү бюджеттен айылдын ѳнүгүүсүнѳ акча
каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон жергиликтүү кеңешине, айыл ѳкмѳтүнѳ келип түшкѳн кайрылууларын жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин оозеки кайрылуууларын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык, жергиликтүү бюджетинин эсебинен тѳмѳндѳгү максаттарга акча каражаттары бѳлүнүп берилсин:
- Барскоон айылындагы “Барскоон” мектепке чейинки билим берүүнүн жетекчиси А.Эсенгулованын кайрылуусу канагаттандырылып кезектеги ремонтуна кошумча жана кошумча тайпага эмеректерди алууга жана электр түйүндѳрүнѳ керектүү материалдарды алууга экономдолгон акча каражатынан 280 560 (эки жүз сексен миң беш жүз алтымыш) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Тамга айылындагы “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүүнүн жетекчиси М.Мамбеталиеванын кайрылуусу канагаттандырылып, кошумча тайпага эмеректерди алууга экономдолгон акча каражатынан 850 000 (сегиз жүз элүү миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Барскоон айылындагы “Орумбаев” атындагы мектепке чейинки билим берүүнүн жетекчиси Г.Султанбаеванын кайрылуусу канагаттандырылып, этно тайпа ачууга керектүү материалдарды алууга жана суу топтогуч системаларын жасатууга экономдолгон акча каражатынан 893 000 (сегиз жүз токсон үч миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мүдүрү Т.А.Тойгонбаевдин кайрылуусу канагаттандырылып, азык-түлүк сактоочу кампасын ремонттоого 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Тамга айылындагы Ала-Тоо кѳчѳсүнүн ички жолун оңдоого 200 000 (эки жүз миң) сом бѳлүнүп берилсин.
- Тосор айылындагы жаңы конушуна электр чубалгычтарын тартууга экономдолгон акча каражатынан 650 000 (алты жүз элүү миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Барскоон айылындагы ички жолдорду асфальт тѳшѳѳ иштерине каралган 2 658 000 (эки миллион алты жүз элүү сегиз миң) сом акча каражаты “Туюк” суусун тартууга чыгымдалсын.
- Барскоон айылындагы Т.Чылабаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин арыктарына лоток орнотууга 350 000 (үч элүү миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Туризмди ѳңүктүрүү планын даярдоого 50 000 (элүү миң) сом бѳлүнүп берилсин.
- Тосор айылынын таштандыларды тазалоо иштерине жана Тамга, Тосор айылдарынан барган кызматкерлерине күйүүчү майга 100 000 (бир жүз миң) сом, жергиликтүү кеңештин депутаттары жыйындарга, окуу семинарларга катышууга күйүүчү майына 100 000 (бир жүз миң) сом бѳлүнүп берилсин.
- Барскоон айылындагы айыл ѳкмѳтүнѳ тиешелүү мурунку бош диагностика борборунан бѳлмѳ бѳлүнүп ичин ремонтоого жана суу түтүктѳрүн киргизүүгѳ 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Тамга, Тосор айылдарына раскол салууга 400 000 (тѳрт жүз миң) сом жана мал чарбачылыгына каустикалык сода алууга 26 000 (жыйырма алты миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Барскоон айыл ѳкмѳтүнѳ тиешелүү топоздорду багып жаткан чабандын эмгек акысына 1 (бир) баш топоз берилсин.
- Махмуд Кашкари эстелигине капсула салуу иштеринин иш-чарасына кеткен чыгымдарына 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
- МАК-2024” операциясын ѳткѳрүүгѳ 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: айылдык кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарына -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска