Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы № 33
Барскоон айыл аймагынын Барскоон айылынын алыскы сырт ѳрѳѳнүндѳгү бузулган кашарлардын ордун муниципалдык менчикке ѳткѳрүп алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине жана “Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин жана жер, муниципалдык менчик, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адиси И.Исашовдун оозеки кайрылууларын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын алыскы сырт ѳрѳѳнүндѳгү Караколка айылынын Май-Тѳр участкасынын №71, 193-чѳйрѳ сызыктарындагы жана Чым-Там участкасынын №156-чѳйрѳ сызыгындагы эски мал кашардын ордулары айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Эски кашарлардын ордуларын айыл ѳкмѳтүнүн карамагына алуу боюнча мыйзам чегинде тиешелүү иштерди алып баруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жергиликтүү кеңештин жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: жергиликтүү кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, а/ѳ -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска