Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы № 34
Барскоон айылындагы К.Чылабаев атындагы жалпы орто мектебинин курулушуна жер участокторун берген айыл тургундардын алма бактан бѳлүнүп берилген жер участоктордун чектик ѳлчѳмүн бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-4-пунктарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин жана жер, муниципалдык менчик, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адиси И.Исашовдун билдирүүлѳрүн угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айылынын К.Чылабаев атындагы жалпы орто мектебинин курулушуна жеке менчик жер участокторун ѳткѳрүп берген тѳмѳнкү айыл тургундардын Барскоон айылынын №798-контурундагы алма бактан бѳлүнүп берилген жер участокторунун чектик ѳлчѳмдѳрү жер мунапысынын обьектиси катары тѳмѳндѳгүдѳй бекитилип берилсин.
- Дакиев Садырбек Омурасанович– 0,15 га, Иманкулов Замирбек Советович- 0,15 га, Алапаев Туратбек Ажыбаевич – 0,15 га, Туратбек уулу Жолдошбек – 0,15 га, Мафкуев Марат Жумаевич – 0,29 га.
2. Жер участокторунун бекитилген чектик ѳлчѳмдѳрүн Жети-Ѳгүз райондук жер мунапысын жүргүзүү комиссиясына сунуштоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык тиешелүү иштерди алып баруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жергиликтүү кеңештин жер,
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: жергиликтүү кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, а/ѳ -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска