Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 20-май №16/1
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жɵнүндɵ» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын +кмɵтүнүн 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо ) жɵнүндɵ » убактылуу Жобого ылайык, Жан-Булак айылдык кещешинин XXVIII чакырылышынын XVI- кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак айылындагы №567 контурундагы 1,34 га, №568 контурдагы 1,6 га, №569 контурдагы 0,42 га, №570 контурдагы 2 га, №572 контурдагы 7,5 га, №580 контурдагы 0,6 га, №478 контурдагы 0,5 га «Айыл чарба багытындагы жерлер» түрүндɵгү жер аянтын «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Нарын районду мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Жан-Булак айыл ɵкмɵт башысы У.Боскунчиевге милеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон ɵткɵрүлүп, jan-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Төрага |
| Б. Ормокеев |