Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV -кезектеги сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы № 35
Барскоон айыл аймагы боюнча муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрүн кошумча тизмесин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, муниципалдык кѳрсѳтүүлѳрдүн кошумча тизмесин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун оозеки сунуштарын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн кошумча тизмеси № 1 тиркемеге ылайык жана муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген № 1, № 2, № 3 стандарттары бекитилип берилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык кѳрсѳтүүлѳрдүн кошумча тизмесин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: айылдык кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарына -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска
Барскоон жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 26-июнундагы
№ _____ токтому менен бекитилди
1. Барскоон айыл аймагынын муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген №1 муниципалдык кызматтын стандарты.
1. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо | Майып, аз камсыз үй-бүлѳѳлѳргѳ сугат уу, таза суунун тѳлѳмдѳрүнѳн жеңилдик берүү |
2. Кызматтарды көрсөткөн органдын толук аталышы | СПА, муниципалдык ишкана |
3. Кызмат көрсөтүүнү алуучулар | 1-топтогу майыптар, айыл ѳкмѳтүнѳ катталган аз камсыз үй бүлѳѳлѳр |
4. Кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | КР Конституциясы, кодекс, мыйзамдар, жергиликтүү кеңештин токтому |
5. Көрсөтүлгөн кызматтын акыркы жыйынтыгы | Айыл ѳкмѳтүнүн токтому |
6. Кызмат көрсөтүүнүн шарты | Майыптыгы тууралуу МСЭКтин корутундусу, айыл ѳкмѳтү тарабынан толтурулган социалдык паспорту жана паспортторунун кѳчүрмѳлѳрү |
7. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Сугат убагында, таза суу дайыма |
2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |
8. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн соц. бөлүмүнөн; - айыл башчылардан. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же үйүнө баруу менен ). |
9. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - өкмөттүн социалдык адиси тарабынан. - айыл башчылардан. - кулактандыруу жана телефон (Ватсап) боюнча. |
3. Тейлөө жана кызмат көрсөтүү | |
10. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат алуучулар менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүндүрүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Жашы-жете элек майып балдар менен маектешүүдѳ этияттык менен жүргүзүү керек, психологиялык травма келтирүүдѳн алыс болуу тийиш. |
11. Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Тиешелүү деңгээлде жеке кабыл алуудагы жеке маселелерден тышкары купуялуулук сакталбайт. |
12. Керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуучунун өзү, камкорчусу же жакын тууганы же айыл ѳкмѳттүн соц.кызматкери төмөндөгү документтерди берет: - туулгандыгы тууралуу күбѳлүк; - паспортунун көчүрмөсү; - аз камсыздуулугу аныктаган социалдык паспорту; - МСЭКтин корутундусу; - айыл өкмөттүн каттосунда турушу шарт. |
13. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14. Кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: - имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 Кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Электрондук формада кѳрсөтүлбѳйт |
4. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |
16. Кызматкөрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда. |
17. Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси айыл ѳкмѳт башчысына же айылдык кенештин тѳрагасына оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар айыл ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18. Кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш. |
Жергиликтүү кеңештин
жооптуу катчысы Н.Шабданбаева
№ 2 тиркеме
Барскоон жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 26-июнундагы
№ _____ токтому менен бекитилди
Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн кошумча тизмеги
№ | Муниципалдык кызамттардын аталышы | Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештин чечими (номуру, күнү) | Муниципалдык кызмат кѳрсѳүүнү стандартташтырууга жооптуу органдын аталышы | Кызматтардды кѳрсѳтүүчү муницпалдык мекемелер | Муниципалдык кызматты кѳрсѳтүүнү шарттары (акы тѳлѳнүүчү/акысыз) |
1 | Майып, аз камсыз үй-бүлѳѳлѳргѳ сугат уу, таза суунун тѳлѳмдѳрүнѳн жеңилдик берүү | Жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 35 токтому | Айыл ѳкмѳтү | Айыл ѳкмѳтү | Акысыз |
2 | Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлѳѳлѳргѳ жана балдарга, аз камсыз үй-бүлѳѳлѳргѳ ѳзүн күбѳлѳндүрүүчү паспорту жана туулгандыгы тууралуу күбѳлүктѳрү жок адамдарга паспорт, күбѳлүктѳрүн алып берүүгѳ жардам берүү. | Жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 35 токтому | Айыл ѳкмѳтү | Айыл ѳкмѳтү | Акысыз |
3 | Жалгыз бой улгайган адамдар, ѳтѳ жакыр жашаган адамдар каза болгондо, үй бүлѳѳлѳрүнѳ материалдык жардам кѳрсѳтүү | Жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 35 токтому | Айыл ѳкмѳтү | Айыл ѳкмѳтү | Акысыз |
Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева
Барскоон жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 26-июнундагы
№ _____ токтому менен бекитилди
1. Барскоон айыл аймагынын муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген №2 муниципалдык кызматтын стандарты.
1. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо | Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлѳѳлѳргѳ жана балдарга, аз камсыз үй-бүлѳѳлѳргѳ ѳзүн күбѳлѳндүрүүчү паспорту жана туулгандыгы тууралуу күбѳлүктѳрү жок адамдарга паспорт, күбѳлүктѳрүн алып берүүгѳ жардам кѳрсѳтүү. |
2. Кызматтарды көрсөткөн органдын толук аталышы | Айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча адистери |
3. Кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айыл ѳкмѳтүнѳ катталган Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлѳѳлѳргѳ жана балдарга, аз камсыз үй-бүлѳѳлѳр |
4. Кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | КР Конституциясы, кодекс, мыйзамдар, жергиликтүү кеңештин токтому |
5. Көрсөтүлгөн кызматтын акыркы жыйынтыгы | Айыл ѳкмѳтүнүн токтому |
6. Кызмат көрсөтүүнүн шарты | Айыл ѳкмѳтү тарабынан толтурулган социалдык паспорту жана паспортторунун кѳчүрмѳлѳрү |
7. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Дайыма |
2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |
8. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн соц. бөлүмүнөн; - айыл башчылардан. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же үйүнө баруу менен ). |
9. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - өкмөттүн социалдык адиси тарабынан. - айыл башчылардан. - кулактандыруу жана телефон (Ватсап) боюнча. |
3. Тейлөө жана кызмат көрсөтүү | |
10. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат алуучулар менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүндүрүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Жашы-жете элек майып балдар менен маектешүүдѳ этияттык менен жүргүзүү керек, психологиялык травма келтирүүдѳн алыс болуу тийиш. |
11. Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Тиешелүү деңгээлде жеке кабыл алуудагы жеке маселелерден тышкары купуялуулук сакталбайт. |
12. Керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуучунун өзү, камкорчусу же жакын тууганы же айыл ѳкмѳттүн соц.кызматкери төмөндөгү документтерди берет: - аз камсыздуулугу аныктаган социалдык паспорту; - айыл өкмөттүн каттосунда турушу шарт. |
13. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14. Кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: - имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 Кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Электрондук формада кѳрсөтүлбѳйт |
4. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |
16. Кызматкөрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда. |
17. Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси айыл ѳкмѳт башчысына же айылдык кенештин тѳрагасына оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар айыл ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18. Кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш. |
Жергиликтүү кеңештин
жооптуу катчысы Н.Шабданбаева
Барскоон жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 26-июнундагы
№ _____ токтому менен бекитилди
1. Барскоон айыл аймагынын муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген №3 муниципалдык кызматтын стандарты.
1. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо | Жалгыз бой улгайган адамдар, ѳтѳ жакыр жашаган адамдар каза болгондо, үй бүлѳѳлѳрүнѳ материалдык жардам кѳрсѳтүү |
2. Кызматтарды көрсөткөн органдын толук аталышы | Айыл ѳкмѳтү |
3. Кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айыл ѳкмѳтүнѳ катталган жалгыз бой улгайган адамдар, ѳтѳ жакыр жашаган адамдар |
4. Кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | КР Конституциясы, кодекс, мыйзамдар, жергиликтүү кеңештин токтому |
5. Көрсөтүлгөн кызматтын акыркы жыйынтыгы | Айыл ѳкмѳтүнүн токтому |
6. Кызмат көрсөтүүнүн шарты | Айыл ѳкмѳтү тарабынан ѳлгѳңдүгү тууралуу күбѳлүгү |
7. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Адамдар каза болгондо |
2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |
8. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн соц. бөлүмүнөн; - айыл башчылардан. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же үйүнө баруу менен ). |
9. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - өкмөттүн социалдык адиси тарабынан. - айыл башчылардан. - кулактандыруу жана телефон (Ватсап) боюнча. |
3. Тейлөө жана кызмат көрсөтүү | |
10. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат алуучулар менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүндүрүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Жашы-жете элек майып балдар менен маектешүүдѳ этияттык менен жүргүзүү керек, психологиялык травма келтирүүдѳн алыс болуу тийиш. |
11. Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Тиешелүү деңгээлде жеке кабыл алуудагы жеке маселелерден тышкары купуялуулук сакталбайт. |
12. Керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуучунун өзү, камкорчусу же жакын тууганы же айыл ѳкмѳттүн соц.кызматкери төмөндөгү документтерди берет: - аз камсыздуулугу аныктаган социалдык паспорту; - айыл өкмөттүн каттосунда турушу шарт. - ѳлгѳндүгү тууралуу күбѳлүгү |