Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV -кезектеги сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы № 37
Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине акча
каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин жетекчиси Жорупбековдун кайрылуууларын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы сессиясында Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджеттинде ”Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотпой иш алып баруусун камсыздоо максатында айыл чарба техникасына тетиктерди жана шаймандарды алып берүүгѳ бѳлүнгѳн 400 000 (тѳрт жүз миң) сом, Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине жайыт иштерин иш алып барууга чыгымдалсын.
2. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу чыгымдоо жагы Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин жетекчиси Т.Жорупбековго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: айылдык кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарына -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска