Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 9-июлу № 375
Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорун (мындан ары - программанын долбоору) иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
1) төмөнкү багыттар боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча тематикалык топторду түзсүн: мамлекеттик башкаруу, тышкы саясат, экономика, социалдык өнүктүрүү, айыл чарбасы, экология, региондук туруктуу өнүктүрүү, өнүктүрүүнүн секторлор аралык сегменттери;
2) мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, илимий чөйрөнү, бизнес-коомдоштукту, жарандык секторду жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү кошкондо, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен программанын долбоорун иштеп чыгуу процессинин айкындуулугун камсыз кылсын;
3) 2024-жылдын 30-октябрына чейин программанын долбоорун жана Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-2030-жылдарга иш-чаралар планынын долбоорун (мындан ары - иш-чаралар планынын долбоору) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик жана муниципалдык органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн жана башка кызыкдар тараптарды белгиленген тартипте тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын;
2) программанын долбоорунун жана иш-чаралар планынын долбоорунун түзүмүнүн долбоорун жана тиркемелеринин форматтарын, ошондой эле бөлүмдөрүн даярдоого стандарттуу талаптарды даярдасын;
3) 2024-жылдын 15-ноябрына чейин программанын долбоорун коомдук талкуулоону уюштурсун;
4) 2024-жылдын 1-декабрына чейин программанын долбоорун жана иш-чаралар планынын долбоорун жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды берип турсун жана ведомстволор аралык жумушчу топтун жана тематикалык топтордун ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары (макулдашуу боюнча).