ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 20-июлу № 33
Айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Ысык-Көл шаар курулушу жана долбоорлоо институтунун Ысык-Көлдөгү филиалы тарабынан даярдалып жасалган Кош-Көл айылынын башкы планы бекитүү жөнүндөгү М. Кариевдин маалыматын угуп, Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл шаар курулушу жана долбоорлоо институтунун Ысык-Көлдөгү филиалы тарабынан даярдалып жасалган Кош-Көл айылынын башкы планы бекитилсин.
2. Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашуу жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Э.А.Мамбетов |