Редакцияот 20.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 20-июлу № 34

“Асман” шаарынын курулуш иштерине электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн көмөкчү чордон курууга жер бөлүп берүү жөнүндө

Тамчы айыл аймагындагы Чырпыкты айылынын күн батыш тарабынадагы долбоорлонуп жаткан “Асман” шарынын курулуш иштерине үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу үчүн көмөкчү чордон курууга жер бөлүп берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Тамчы айыл аймагындагы Чырпыкты айылынын күн батыш тарабынадагы долбоорлонуп жаткан “Асман” шарынын курулуш иштерине үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу үчүн көмөкчү чордон курууга Чырпыкты айылынын күн батыш тарабынан 0,70 гектардан ашпаган жер бөлүнүп берилсин.

 

2. “Асман” шаары курулуп бүткөндөн кийин курулган көмөкчү чордонун айыл аймагын электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында колдонуу жагы макулдашылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага:

Э.А.Мамбетов