Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2023-жылдын 28-июлу № 35
Айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыз кылуу жана ар кандай ооруларды алдын алуу максатында Тамчы айыл аймагында жайгашкан скважиналарды айыл Өкмөттүн балансына алуу боюнча Тамчы айыл Өкмөтүнүн маалыматын угуп, Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл аймагында жайгашкан скважиналарды кимге таандык экенин такталып, мыйзамсыз жана ээси жок скважиналар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Тиешелүү башкармалыктардын корутунду жана иш кагаздарын алуу Тамчы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |