ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2023-жылдын 28-июлу № 37
Жер тилкесин колдонууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин санариптик трансформация боюнча программаларын ишке ашыруу максатында, “ЭлКат” ЖЧКнун ЭлКат -Ысык-Көл филиалынын кайрылуусун депутаттар карап, талкууга алгандан киииийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Итнернет байланышын үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында “ЭлКат” ЖЧКнун ЭлКат -Ысык-Көл филиалына Тамчы мектеп - гимназиясынын аймагынын чыгыш тарабынан түйүндүү жабдууларды (станция) орнотуу үчүн аянты 3*4 метр өлчөмүндө жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. “ЭлКат” ЖЧКнун ЭлКат -Ысык-Көл филиалына Тамчы айылындагы Тамчы мектеп-гимназиясынын компьютердик классын интернет менен камсыздоо жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу, “ЭлКат” ЖЧКнун ЭлКат -Ысык-Көл филиалы менен келишим түзүү Тамчы айыл Өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адис Тилемишов Бакытбек Жеңишбековичке жана Тамчы мектеп-гимназиясынын директору Эшимканов Нурдан Кырманбековичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |