ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз IX сессиясы
2023-жылдын 6-сентябры № 38
Айыл аймактарды бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшун өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” №350 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын” 4,4-бөлүмүн ишке ашыруу максатында, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 8-августундагы №226-Т тескемесине ылайык, Тамчы айыл аймагынын тургундарынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы жыйынынын чечимдеринин негизинде Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл районунун айыл аймактарын бириктирүүдө Тамчы айыл аймагы (Тамчы, Чырпыкты, Кош-Көл айылдары), Тору-Айгыр айыл аймагы ( Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Сары -Камыш айылдары) бир айыл аймак болуп биригишине макулдук берилсин.
2. Түзүлгөн айыл аймагына “ Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагы” болуп аталышына макулдук берилсин.
3. Жаңы уюшулган “Тору-Айгыр-Тамчы” айыл аймагынын административдик борбору Тамчы айылында жайгашсын.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде “Тору -Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл Өкмөтү” мекемеси
- Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмоту Тору-Айгыр-Тамчынского айылного аймака”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Тору-Айгыр Тамчы айыл Өкмөтү”
- Расмий тилде: “Айыл Окмоту Тору-Айгыр-Тамчы”
4. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Жобосу бекитилсин.
5. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн дареги болуп Кыргыз Республикасы,Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Тамчы айылы , Манас көчөсү №36 болуп аныкталсын.
6. Аталган айыл аймактарды бириктирүү жагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ормонов Жапарбек Туратовичтен суралсын.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Тамчы айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы Бейшембиев Фархад Кожокматовичке тапшырылсын.
8. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |