Редакцияот 08.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы

2023-жылдын 8-сентябры № 39

Жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдын 6 ай ичинде аткарылышы жөнүндө

Жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдын 6 ай ичинде (январь-июнь) аткарылышы боюнча айыл Өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Бектурсунова Венера Айилчиевнанын маалыматын угуп, депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдын 6 ай ичинде (январь-июнь) аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Бектурсунова Венера Айилчиевнанын маалыматы алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет,финансы,экономика, инвестиция тартуу жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

3. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов