ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2023-жылдын 8-сентябры № 41/1
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
“Маркатай ата” ысымын Чырпыкты айылынын Касым Тыныстанов атындагы жаңы конуштун бир көчөсүнө ыйгаруу боюнча кайрылууну депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Маркатай Ата” ысымы Чырпыкты айылынын Касым Тыныстанов атындагы жаңы конушунун бир көчөсүнө ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет,финансы,экономика, инвестиция тартуу жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |