ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2023-жылдын 14-ноябры № 43
Жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарылышы жөнүндө
Жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдын (январь-сентябрь ) 9 айында аткарылышы боюнча айыл Өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Бектурсунова Венера Айилчиевнанын маалыматын угуп, депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдын 9 ай ичинде (январь-сентябрь) аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Бектурсунова Венера Айилчиевнанын маалыматы алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. 2023-жылдын жыйынтыгы менен элдик жыйындар өткөрүлүп, жергиликтүү калкка аткарылган иштер боюнча маалымат берүү жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Бейшембиев Фархад Кожокматовичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |