ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2023-жылдын 14-ноябры № 45
Тамчы айыл аймагынын Чырпыкты айылынын маданият үйүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Тамчы айыл аймагынын тургундарынын 2023-жылдын 5-сентябрында өткөн жыйынынын протоколдук чечиминин негизинде Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл аймагынын Чырпыкты айылынын маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти , обончу Камчыбек Букалаевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Чырпыкты маданият үйүнө ысым ыйгаруу боюнча кийинки иш-чараларын уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика,салык, инвестиция тартуу, муниципалдык транспорт, өнөр жай, ЖӨАБ, башка органдар менен иш алып баруу жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |