Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 1-июлу № 388-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Социалдык фонд" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бир тараптан жана мындан ары "РСФ" деп аталуучу Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фонду экинчи тараптан, мындан ары биргеликте "Тараптар" деп аталып, пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене. Макулдашуунун предмети
Ушул Макулдашуунун предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1.1. Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасын колдонуу менен өз ара аракеттенүүгө өткөнгө чейин 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өз ара аракеттенүү тартибин жана электрондук документтер (маалыматтар) менен алмашуу технологиясын аныктоо.
1.2. Жарандардын бир эле убакта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсияларды алуу фактын текшерүү максатында Социалдык фонд менен РСФ ортосунда корголгон электрондук документ жүгүртүүнү уюштуруу.
1.3. Аларды сактоодо маалыматтарга жана ресурстарга санкцияланбаган жетүү мүмкүндүгүнөн коргоо, Тараптардын маалыматтык өз ара аракеттенүү процессинде байланыш каналдары боюнча берилүүчү электрондук документтердин бүтүндүгү жана аныктыгы, авторлугунун ырасталышы камсыз кылынган шарттарды жана жол-жоболорду, ошондой эле жарандар бир эле убакта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсияларды алуу факты аныкталган учурда иш-аракеттердин тартибин аныктоо.
2-берене. Тараптардын өз ара аракеттенүүсү
2.1. Тараптар төмөнкүлөрдү ишке ашыруу максатында өз ара аракеттенет:
2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну (мындан ары - ЕАЭБ макулдашуусу);
1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
2013-жылдын 28-декабрындагы № 400-ФЗ "Камсыздандыруу пенсиялары жөнүндө" федералдык мыйзамды.
Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар акысыз негизде өз ара аракеттенет жана уюштуруу иш-чараларын аткарат.
3-берене. Документтердин тизмеги жана аларды берүү, анын ичинде электрондук түрдө берүү тартиби
3.1. Электрондук документтер менен алмашуу ушул Макулдашуунун 1-тиркемесине ылайык шифрлөө жана бекитилбеген күчөтүлгөн электрондук кол тамга (КЭК) функциялары менен тиешелүү Тарап үчүн актуалдуу сертификатталган версиянын VipNet CSP маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын (МККК) жана корпоративдик почта серверине туташтырылган Тараптардын корпоративдик электрондук почта кызматын колдонуу менен электрондук файл түрүндө маалыматты берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Телекоммуникациялык байланыш каналдары боюнча маалыматты берүү мүмкүн болбогон учурда маалымат купуялуулук (кызматтык пайдалануу үчүн) белгиси бар коштомо кат менен эске алынган CD-дискте жана/же башка жеке эске алынган алып жүрүүчүдө файл түрүндө берилет, анда берилүүчү маалыматтардын корголушун камсыз кылган атайын чабарман кызматы аркылуу жана/же тиешелүү Тараптын өкүлүнө кабыл алуу-өткөрүп берүү акты боюнча берүү аркылуу жазуулардын саны жана берилүүчү маалыматтын көлөмү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
3.2. Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасын колдонуу менен өз ара аракеттенүүгө өткөнгө чейин Тараптар Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2020-жылдын 23-декабрындагы № 122 чечими менен бекитилген 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун ченемдерин колдонуу боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, компетенттүү органдары менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартибинде (мындан ары - Тартип) каралган төмөнкү формулярлар (аларда камтылган маалыматтар) жана документтер (маалыматтар) менен электрондук формада алмашат:
1) "Анкета-арыз" формуляры (Тартиптин № 1 тиркемеси);
2) "Маалымат баракчасы" формуляры (Тартиптин № 2 тиркемеси), анын ичинде мурда башка Тараптын аймагында жашаган жана пенсия алган адамдардын пенсия чектөө үчүн кайрылуу факты боюнча жиберилген;
3) "Медициналык текшерүү жөнүндө" формуляры (Тартиптин № 3 тиркемеси);
4) "Иш стажы жөнүндө" формуляры (Тартиптин № 4 тиркемеси);
5) "Кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама" формуляры (Тартиптин № 5 тиркемеси);
6) "Суроо-талап" формуляры (Тартиптин № 6 тиркемеси);
7) "Төлөм ведомосту" формуляры (Тартиптин № 7 тиркемеси);
8) "Салыштыруу акты" формуляры (Тартиптин № 8 тиркемеси);
9) "Пенсиянын ашык төлөнгөн суммасын кармап калуу жөнүндө" формуляры (Тартиптин № 9 тиркемеси);
10) Тараптардын аймактарында эмгек ишин жүргүзүү (токтотуу) факты жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн пенсия алуучулардын тизмеси (ушул Макулдашуунун 2-тиркемеси);
11) Кыргыз Республикасында жана Россия Федерациясында жашаган адамдарга пенсиялык камсыздоо төлөмдөрүнүн негиздүүлүгүн ырастоо максатында 2021-жылдын 1-январына чейин Тараптардын аймактарында белгиленген пенсия алуучулардын тизмеси (ушул Макулдашуунун 3-тиркемеси).
3.3. Тараптар ушул Макулдашуунун 3.2-пунктунун 1-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн формулярлар жана документтер (көчүрмөлөр) менен Тартипте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө алмашат.
3.4. Ушул Макулдашуунун 3.2-пунктунун 10-пунктчасында көрсөтүлгөн маалымат Тараптардын биринин суроо-талабынын негизинде ушул Макулдашуунун 2-тиркемесинде каралган форма боюнча алуучулардын тизмеси түрүндө берилет.
3.5. Ушул Макулдашуунун 3.2-пунктунун 11-пунктчасында көрсөтүлгөн маалымат Тараптардын биринин суроо-талабынын негизинде ушул Макулдашуунун 3-тиркемесинде каралган форма боюнча алуучулардын тизмеси түрүндө берилет.
3.6. Ушул Макулдашуунун 3.5-пунктуна ылайык алынган тизменин негизинде алуучулардын маалымат базасы менен салыштырылат, анын жыйынтыгы ал алынган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө маалымат берген Тараптын дарегине жиберилет.
3.7. Берилген маалыматта ката кырдаалдар (мисалы, маалыматтардын туура эмес форматы) аныкталган учурда маалымат алынгандан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө салыштыруу жүргүзүү мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлама жиберилет.
3.8. Ката кырдаалды четтетүү жана экинчи Тарапка такталган маалыматты жиберүү ушул Макулдашуунун 3.6-пунктунда көрсөтүлгөн кабарлама алынгандан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.
3.9. Тараптар документтерди төмөнкүдөй түрдө алмашат:
1) ушул Макулдашуунун 3.2-пунктунун 1-9-пунктчаларына карата курамында пенсионерди бир мааниде идентификациялоо үчүн маалымат блогу, ошондой эле камсыздандырылган адамды идентификациялоо үчүн тиешелүү маалымат блогуна тиркелген документтердин электрондук сканерленген образдарынын тизмеси түрүндө формулярды жана башка документтерди камтыган документтердин түзүмдөштүрүлгөн тизими берилет (ушул Макулдашуунун 4-тиркемеси).
DjVu жана/же PDF форматында, түстүү сүрөттө сканерленет. DjVu форматы үчүн документте 12 pt жана андан көп шрифтин өлчөмүндө тексттин негизги бөлүгү болсо, 200 dpi уруксаты менен, 9-11 pt - 300 dpi уруксаты менен, 8 pt жана андан аз - 400-600 dpi уруксаты менен сканерлөө сунушталат. PDF форматы үчүн 150-200 dpi уруксаты менен сканерлөө сунушталат. Ар бир документ өзүнчө файл катары сканерленүүгө тийиш.
Ар бир документ ыйгарым укуктуу кызматкердин КЭК менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
2) ушул Макулдашуунун 3.2-пунктунун 10-11-пунктчаларына карата камсыздандырылган адамды бир мааниде идентификациялоо үчүн маалымат блогун жана берилүүчү документке ылайык маалыматтардын талап кылынган топтомун камтыган машина иштетүүчү маалымат блогун камтыган түзүмдөштүрүлгөн документтер берилет.
4-берене. Электрондук документтердин файлдарынын аталыштарынын форматы жана түзүмү
4.1. Ушул Макулдашуунун 3.2-пунктунун 1-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалымат алмашуу үчүн электрондук түрдө өз ара аракеттенүүнүн форматтарынын сыпаттамасы ушул Макулдашуунун 4-тиркемесинде келтирилген.
4.2. Ушул Макулдашуунун 3.2-пунктунун 10-пунктчасында көрсөтүлгөн маалымат алмашуу үчүн электрондук түрдө өз ара аракеттенүүнүн форматгарынын сыпаттамасы ушул Макулдашуунун 5-тиркемесинде келтирилген.
4.3. Ушул Макулдашуунун 3.2-пунктунун 11-пунктчасында көрсөтүлгөн маалымат алмашуу үчүн электрондук түрдө өз ара аракеттенүүнүн форматтарынын сыпаттамасы ушул Макулдашуунун 6-тиркемесинде келтирилген.
5-берене. Электрондук документтерди алмашуу технологиясы
Электрондук документтерди алмашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосунда корголгон электрондук өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тартибине (ушул Макулдашуунун 1-тиркемеси) жана Социалдык фонд менен РСФ ортосунда корголгон электрондук өз ара аракеттенүү схемасына (ушул Макулдашуунун 7-тиркемеси) ылайык жүзөгө ашырылат.
6-берене. Тараптардын милдеттери
6.1. Тараптар өздөрүнө төмөнкү милдеттерди алат:
6.1.1. Берилүүчү электрондук документтерге талаптардын өзгөргөндүгү тууралуу, ошондой эле ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди токтото туруу жөнүндө жазуу жүзүндө, анын ичинде Тараптардын корпоративдик электрондук почта кызматы аркылуу 10 жумуш күндүн ичинде бири-бирине кабарлоо.
6.1.2. Маалымат иштеп чыгуунун коопсуздугу жана купуялуулугу максатында маалыматтык өз ара аракеттенүүдө берилүүчү маалыматты вируска каршы коргоону камсыз кылуу.
6.1.3. Жеке маалыматтарды жана (же) башка жетүү мүмкүндүгү чектелген маалыматтарды камтыган ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматтардын купуялуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу.
6.1.4. Тараптар өз ара аракеттенүүнү уюштурууда төмөнкү принциптерди жетекчиликке алат:
кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды так сактоо;
маалыматтын корголушун жана маалыматка жетүү мүмкүндүгүн контролдоону камсыздоо.
6.1.5. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматты ушул Макулдашуунун максаттарына жана Тараптардын мыйзамдарына ылайык гана колдонуу.
6.1.6. Тараптардын ар биринин жеке маалыматтарын коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын аткарууну камсыздоо.
7-берене. Тараптардын жоопкерчилиги
Тараптар ушул Макулдашуунун максаттарына ылайык келбеген маалыматтардын (документтердин) колдонулушу жана ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн Тараптардын ар биринин мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8-берене. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
КЭК түзүү, жеткирүү, алуу, ошондой эле электрондук документте колдонуу менен байланышкан талаш жагдайлар Тараптар тарабынан консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен каралат жана чечилет.
9-берене. Макулдашууну колдонуу мөөнөтү
9.1. Ушул Макулдашуу Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
9.2. Ушул Макулдашуунун алкагында электрондук өз ара аракеттенүү Тараптар тарабынан корголгон электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу маалыматтык өз ара аракеттенүүгө даярдыгы жөнүндө кабарлама жиберген Тарап экинчи Тараптан мындай даярдык жөнүндө кабарлама алган күндөн кийинки күндөн тартып жүзөгө ашырылат.
9.3. Ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү кол коюлган учурдан тартып бир жылды түзөт.
9.4. Эгерде ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин Тараптардын бири дагы ушул Макулдашууну бузуу жөнүндө өзүнүн ниетин билдирбесе, ал мөөнөтсүз узартылды деп эсептелет.
10-берене. Корутунду жоболор
10.1. Ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын өз ара макулдугу боюнча жазуу жүзүндө гана киргизилиши мүмкүн.
Өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуулар түрүндө жазуу жүзүндө таризделет жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлат.
10.2. Ушул Макулдашуу Тараптардын биринин жазуу жүзүндө кабарламасы боюнча бузулушу мүмкүн. Ушул Макулдашууну бузууну жана маалымат алмашууну токтотууну демилгелеген Тарап Макулдашууну бузуунун болжолдонгон мөөнөтүнө чейин үч айдан кем эмес убакытта өзүнүн ниетин билдирүүгө тийиш.
10.3. Ушул Макулдашуу ар бири кыргыз жана орус тилдеринде, эки нускада түзүлдү, мында эки текст тең бирдей укуктук күчкө ээ.
Тексттердин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
10.4. Тараптар ушул Макулдашуунун шарттарын ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү органдарды (түзүмдүк бөлүмдөрдү) дайындайт, алар жөнүндө байланыш маалыматтарды Тараптардын ар бири экинчи Тарапка жазуу жүзүндө берет.
10.5. Ушул Макулдашууну ишке ашырууда өз ара аракеттенүү (кат алышуу) жана маалыматты (документтерди) берүү орус тилинде жүргүзүлөт.
10.6. Ушул Макулдашуунун тиркемелери анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат:
1-тиркеме "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосунда корголгон электрондук өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тартиби";
2-тиркеме "Макулдашуучу Тараптардын аймактарында эмгек ишин жүргүзүү (токтотуу) факты жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн пенсия алуучулардын тизмеси";
3-тиркеме "Макулдашуучу Тараптардын аймактарында белгиленген пенсия алуучулардын тизмеси";
4-тиркеме "Түзүмдөштүрүлгөн алмашуу форматтарынын сыпаттамасы. Формулярлардын жыйынды тизими";
5-тиркеме "Түзүмдөштүрүлгөн документтердин электрондук түрдө өз ара аракеттенүү форматтарынын сыпаттамасы. Эмгек ишин жүргүзүү факты жөнүндө маалыматтар менен алмашуу";
6-тиркеме "Түзүмдөштүрүлгөн документтердин электрондук түрдө өз ара аракеттенүү форматтарынын сыпаттамасы. Пенсия алуучулар жөнүндө маалыматтар";
7-тиркеме "Социалдык фонд менен РСФ ортосундагы корголгон электрондук өз ара аракеттенүү схемасы".
11-берене. Тараптардын кол тамгалары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн |
| Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фонду үчүн |
_____________________________ |
| _____________________________ |
|
| 20____-жылдын "___" ________ № ___ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосунда корголгон электрондук өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тартиби
Кыскартуулардын жана аббревиатуралардын тизмеги:
АЖО - автоматташтырылган жумуш орду;
ЖСТ - жокко чыгарылган сертификаттардын тизмеси;
МККК - маалыматты криптографиялык коргоо каражаты;
Социалдык фонд - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
РСФ - Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фонду;
РСФ ЫБ - РСФ ырастоочу борбору;
КЭК - күчөтүлгөн электрондук кол тамга;
ЭД - электрондук документ;
ЭДЖ - электрондук документ жүгүртүү;
ЭКМД - электрондук кызматтык-маалыматтык документ.
1. Тараптардын ЭДЖ корголгон системасы төмөнкү программалык камсыздоолордун жыйынды базасында түзүлөт:
тиешелүү Тараптын корпоративдик почта серверине кошулган электрондук почта кызматы;
тиешелүү Тарап үчүн ViPNet CSP МККК актуалдуу сертификатталган версиясы;
ыйгарым укуктуу адамдын КЭК ачкычтарын генерациялоо жана тиешелүү Тарап үчүн ViPNet CSP МККК актуалдуу сертификатталган версиясын колдонуу менен КЭК текшерүү ачкычынын сертификатына суроо-талап үчүн арналган автономдуу HTML-формасы.
2. Тараптардын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууда Тараптар маалымат алмашууну жүргүзүү жана ЭД ЭК коюу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу адамдарды дайындайт. Ыйгарым укуктуу адамдар ЭКны текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын ээлери болуп саналат. Тараптар расмий кат менен бири-бирине төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу адамдардын тизмесин беришет: фамилиясын, атын, атасынын атын (толугу менен), кызматын, байланыш телефон/факс номерин, электрондук почта дарегин.
3. Тараптардын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүү электрондук почта кызматын, КЭК шифрлөө функциялары менен тийиштүү Тарап үчүн ViPNet МККК актуалдуу сертификатталган версиясын жана Интернет тармагынын транспорттук чөйрөсүн колдонуу менен ишке ашырылат.
4. Электрондук файл түрүндө маалымат берүүдө Тараптардын юридикалык маанилүүлүгү ыйгарым укуктуу адамдардын КЭКин колдонуу менен камсыздалат. КЭК ачкычтары тийиштүү Тарап үчүн ViPNet CSP МККК актуалдуу сертификатталган версиясын жана автономдуу HTML-формасын колдонуу менен Тараптар тарабынан өз алдынча иштелип чыгат. РСФ сертификатты колдонуу жаатын аныктаган жана Социалдык фонддо АЖО жайылтуу үчүн сертификатка суроо-талапты түзүүдө автономдуу HTML-формасын менен колдонулган сертификатка шаблон берет.
5. РСФ жана Социалдык фонд үчүн ЖСТ актуалдуулугун колдоону кошкондо КЭК текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын инфраструктурасын башкарууну РСФ ЫБ ишке ашырат. ЖСТ Социалдык фондго ЭД түрүндө берилет.
РСФ ЫБ ыйгарым укуктуу адамдардын КЭК текшерүү ачкычтарынын сертификаттарына ЖСТга шилтемелерди киргизет, алар Интернет тармагында жеткиликтүү болушу керек, Интернет тармагына ЖСТны жайгаштырат жана актуалдуулугун колдойт.
Тараптар актуалдуу ЖСТ алуу үчүн интернет тармагына АЖОго жеткиликтүүлүктү камсыз кылышат (актуалдуу ЖСТны жүктөө жана аларды кириш электрондук документтерде КЭК текшерүү үчүн колдонуу электрондук почта кызматынын каражаттары менен автоматтык түрдө ишке ашырылат).
6. Тараптардын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүдө Тараптар маалымат алмашуу жана ЭД КЭК кол коюу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу адамдарды дайындашат. Ыйгарым укуктуу адамдар КЭК текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын ээлери болуп саналат. Тараптар расмий каттар менен бири-бирине төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу адамдардын тизмесин беришет: фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен), кызматы, байланыш телефонунун номери, электрондук почта дареги.
7. Социалдык фонддо АЖОну жайылтуу үчүн РСФ сертификатты колдонуу жаатын аныктаган жана сертификатка суроо-талапты түзүүдө автономдуу HTML-формасы менен колдонулган сертификатка шаблон берет.
8. ЭД алмашууну уюштуруу үчүн Тараптардын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн катышуучуларынын АЖО даярдоо жол-жобосу төмөнкүлөрдү камтыйт:
лицензиялуу электрондук почта тиркемесин орнотууну жана АЖОну корпоративдик электрондук почта серверине туташтырууну;
"ИнфоТеКС" (Россия) акционердик коомунун расмий сайтынан (https://infotecs.ru/product/vipnet-sp.html#comp_c1c97fe89ee8cb356de37426ea005620) тиешелүү Тарап үчүн ViPNet CSP МККК актуалдуу сертификатталган версиясын алууну жана орнотууну;
автономдуу HTML-формасы менен иштөө үчүн операциялык системаны жөндөөнү;
КЭК ачкычтарын генерациялоону жана ыйгарым укуктуу адамдын сертификатына суроо-талапты даярдоону;
ыйгарым укуктуу адамдын сертификатына суроо-талапты РСФ ЫБга берүүнү жана даярдалган сертификатты алууну1;
операциялык системанын сактагычына түпкү сертификатты (РСФ ЫБдын ыйгарым укуктуу адамынын сертификаты), жеке сертификатты жана ЭД алуучулардын сертификаттарын орнотууну;
КЭК менен иштөө жана шифрлөө/чечмелөө үчүн электрондук почта тиркемесин жөндөөнү.
9. Тиешелүү Тарап үчүн ViPNet CSP МКККнын актуалдуу сертификатталган версиясын орнотуу жана жөндөө жана Тараптардын ыйгарым укуктуу адамдарын аны менен иштөө эрежелерине окутууну төмөнкүлөр ишке ашырат:
РСФда - Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча департаменттин кызматкерлери;
Социалдык фонддо - өз алдынча же ырастоочу борбордун өкүлүнүн катышуусу менен (макулдашуу боюнча).
10. ЭД алмашууда иш-аракеттердин тартиби:
ЭД жөнөтүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамы тарабынан Microsoft Outlook 2003 жана андан жогорку версияларында электрондук почта билдирүүсүнө тиркеме катары жайгаштырылат жана алуучунун электрондук почта дареги киргизилет;
"Чыгуучу билдирүүлөрдүн мазмунун жана тиркемелерин шифрлөө" жана "Чыгуучу билдирүүлөргө санариптик колтамга кошуу" режимдери кошулат;
КЭК жана шифрлөө функцияларын ишке ашыруу үчүн тиешелүү Тарап үчүн ViPNet CSP МККК актуалдуу сертификатталган версиясын автоматтык түрдө чакыруу менен алуучуга билдирүү жөнөтүлөт;
алуучу тарабынан Microsoft Outlook 2003тө жана андан жогорку версияларында кабыл алынган кириш ЭД автоматтык түрдө чечмеленет жана тиешелүү Тарап үчүн ViPNet CSP МККК актуалдуу сертификатталган версиясын терип, бүтүндүгү текшерилет (КЭК текшерилет);
жокко чыгарылган сертификаттардын актуалдуу тизмелерин жүктөө жана аларды кириш ЭДде КЭКти текшерүү үчүн пайдалануу интернет тармагы болсо, сертификатта көрсөтүлгөн шилтеме боюнча "Чакыртып алуу тизмесин жайылтуу пункттары (CRL)" талаасында Microsoft Outlook 2003 жана андан жогорку версияларынын каражаттары менен автоматтык түрдө ишке ашырылат;
эгерде колтамга ачкычынын сертификатынын ээсин аныктоо мүмкүн болбосо (жөнөтүүчүнүн КЭК алуучунун ыйгарым укуктуу адамы текшергенде), алуучу экинчи Тараптан ЭДди кайра жөнөтүүнү талап кылышы керек.
11. Ыйгарым укуктуу адамдын КЭК текшерүү ачкычынын сертификатын пландуу/пландан тышкаркы төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүлөт:
КЭК ачкычтарын кайра генерациялоо жана автономдуу HTML-формасы аркылуу ыйгарым укуктуу адамдын сертификатын суроо;
ыйгарым укуктуу адамдын сертификатына суроо-талапты РСФ ЫБга берүү жана даярдалган сертификатты алуу.
(1) РСФ ЫБ ыйгарым укуктуу адамдын сертификатына суроо-талап сыр сөз камтылган архивдик файл түрүндө берилет (WinRAR WinZip, 7-Zip), мында сыр сөз (узундугу кеминде 6 символду түзгөн жана өзүнө чоң жана кичине тамгаларды, цифраларды, атайын символдорду камтыган) ишенимдүү ыкма менен РСФ ЫБга берилет.
|
| 20___-жылдын "____" ____________ № ______ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 2-тиркемеси |
Макулдашуучу Тараптардын аймактарында эмгек ишин жүргүзүү (токтотуу) факты жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн пенсия алуучулардын тизмеси
Номер | Фамилиясы | Аты | Атасынын аты (бар болсо) | Туулган датасы (КК.АА.ЖЖЖЖ) | ЖӨЭКН | ИЖН | Иштейт (ооба - 1, жок - 0) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
| 20___-жылдын "____" ____________ № ______ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 3-тиркемеси |
Макулдашуучу Тараптардын аймактарында белгиленген пенсия алуучулардын тизмеси (____________________________________-жылга карата)
Номер | Фамилиясы | Аты | Атасынын аты (бар болсо) | Туулган датасы (КК.АА.ЖЖЖЖ) | ЖӨЭКН | ИЖН | Тизме жиберген Тарап пенсия белгилеген дата | Тизме жиберген Тарап пенсияны токтоткон дата | Тизме алган Тарап пенсия белгилеген дата | Тизме алган Тарап пенсияны токтоткон дата |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
| 20___-жылдын "____" ____________ № ______ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 4-тиркемеси |
Алмашуунун түзүмдөштүрүлгөн форматтарынын сыпаттамасы. Формулярлардын жыйынды тизими
Ушул документте көрсөтүлгөн түзүмдөштүрүлгөн форматтын XSD-схемасын, анын графикалык визуализациясын жана тесттик мисалын тиркөө менен формулярлардын берилүүчү сканерленген образдарынын жыйынды тизиминин түзүмдөштүрүлгөн форматынын сыпаттамасы берилген.
1-таблица. Формулярлардын жыйынды тизиминин түзүмдөштүрүлгөн форматынын сыпаттамасы
№ | Документтин тегинин аталышы | Тиби | Милдеттүүлүк | Документтин тегине түшүндүрмө |
1 | РСФЭД | Блок | Ооба | Түзүмдөштүрүлгөн элементтин түпкү элементи |
2 | ЖөнөтүүчүӨлкө | Бүтүн сандуу тип | Ооба | Документтердин пакетин жиберген өлкө (Мүмкүн болгон маанилер 643 - Россия Федерациясы, 417 - Кыргыз Республикасы) |
3 | Саны | Бүтүн сандуу тип | Ооба | Берилүүчү документтеги адамдардын саны |
4 | Пенсионер | Блок | Ооба | Документтеги пенсионерлер жөнүндө маалыматтар |
4.1 | Фамилиясы | Саптык тип | Ооба | Пенсионердин фамилиясы |
4.2 | Аты | Саптык тип | Ооба | Пенсионердин аты |
4.3 | Атанын аты | Саптык тип | Ооба | Пенсионердин атасынын аты |
4.4 | ТуулганДатасы | "Дата" тиби | Ооба | ДД.АА.ЖЖЖЖ форматында пенсионердин туулган датасы |
4.5 | ЖӨЭКН | Саптык тип | Ооба | Жеке өздүк эсептин камсыздандыруу номери (ЖӨЭКН), Россия Федерациясындагы адамдын негизги идентификатору. Шаблон: ХХХ-ХХХ-ХХХ XX же ХХХ-ХХХ-ХХХ-ХХ, мында X - [0..9] диапазондогу цифра |
4.6 | ИЖН | Саптык тип | Жок | Идентификациялык жеке номер, Кыргыз Республикасындагы адамдын негизги идентификатору. Шаблон: ХХХХХХХХХХХХХХ, мында X - [0..9] диапазондогу цифра |
4.8 | ФайлБлогу | Блок | Ооба | Пенсионердин формулярынын сканерленген образдарынын блогу |
4.8.1 | Файлдардын- Саны | Бүтүн сандуу тип | Ооба | Пенсионердин формулярынын сканерленген образдарынын саны |
4.8.2 | Образдардын-Файлы | Блок | Ооба | Формулярдын сканерленген образы жана пенсионер үчүн анын классификациясы |
4.8.2.1 | Документтин-Коду | Бүтүн сандуу тип | Ооба | [1..9] диапазондогу сан жол берилген код болуп саналат, ошол эле учурда төмөнкү формулярларга сандык коддор ыйгарылган: 1 - "Анкета-арыз" формуляры (Тартиптин1 № 1 тиркемеси); 2 - "Маалыматтык баракча" формуляры (Тартиптин № 2 тиркемеси); 3 - "Медициналык текшерүү жөнүндө" формуляр (Тартиптин № 3 тиркемеси); 4 - "Иш стажы жөнүндө" формуляр (Тартиптин № 4 тиркемеси); 5 - "Кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама" формуляры (Тартиптин № 5 тиркемеси); 6 - "Суроо-талап" формуляры (Тартиптин № 6 тиркемеси); 7 - "Төлөм ведомосту" формуляры (Тартиптин № 7 тиркемеси); 8 - "Салыштыруу актысы" формуляры (Тартиптин № 8 тиркемеси); 9 - "Пенсиянын ашык төлөнгөн суммасын кармап калуу жөнүндө" формуляр (Тартиптин № 9 тиркемеси). |
4.8.2.2 | Документтин Образы | Саптык тип | Ооба | Формулярдын сканерленген образына шилтеме. Формулярдын сканерленген образы жыйынды тизим файлы менен бир каталогдо болууга тийиш. Файлдын атын толтуруу шаблону: R-GGG-MM-YYYY-NNNNNNNNNNNNNN-PPP.djvu (же .pdf), мында GGG - жиберген өлкө, ММ - түзүлгөн айы, ҮҮҮҮ - түзүлгөн жылы, NNNNNNNNNNNNNN - бөлүүчүлөрү жок, кошумча 3 нөл менен толукталган пенсионердин ЖӨЭКН же пенсионердин ИЖН, РРР - бул пенсионер үчүн берилүүчү пакеттеги документтин номери. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына берилүүчү посылкадагы формулярдын файл-образынын мисалы: R-643-03-2023-12345678912345-001.djvu (же .pdf) |
(1) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2020-жылдын 23-декабрындагы № 122 чечими менен бекитилген 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун ченемдерин колдонуу боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, компетенттүү органдары менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби.
Формулярлардын жыйынды тизиминин файлын атоо эрежелери.
Формулярлардын жыйынды тизиминин файлы төмөнкү шаблон боюнча гана аталат:
S-CCC-MM-YYYY-NNNNNNN.xml, мында:
ССС - формулярлардын жыйынды тизимин жөнөткөн өлкө;
ММ - файл түзүлгөн ай;
ҮҮҮҮ - файл түзүлгөн жыл;
NNNNNNN - файлдын катар номери;
Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына берилүүчү формулярлардын жыйынды тизиминин файлынын мисалы:
S-643-12-2022-0000001.xml
XSD-формулярлардын жыйынды тизиминин түзүмдөштүрүлгөн форматынын схемасы:
<?xml version-''1.0" encoding="UTF-8"?>
<xs:schemaxmlns:xs="http://www.w3.org/2001/XMLSchema"
elementFormDefault="qualified">
<xs:element name="РСФЭД">
<xs :complexType>
<xs:sequence>
<xs:elementге1="ЖөнөтүүчүӨлкө" minOccurs="1" maxOccurs="1"/>
<xs:element name="Саны" minOccurs="1" maxOccurs="1" type="xs:integer"/>
<xs:element ref="Пенсионер" minOccurs=''1" maxOccurs="unbounded"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name=''ЖөнөтүүчүӨлкө">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:integer">
<xs:enumeration value="643"/>
<xs:enumeration value="417"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="Пенсионер">
<xs:complexType>
<xs:sequence>
<xs:element name="Фамилиясы" minOccurs="1" maxOccurs="1" type="xs:string"/>
<xs:element name="Аты" minOccurs="1" maxOccurs="1" type="xs:string"/>
<xs:element name="Атасынынаты" minOccurs="0" maxOccurs="1" type="xs:string"/>
<xs:element namе="ТуулганДатасы" minOccurs="1" maxOccurs="1" type="xs:date"/>
<xs:element ref="ЖӨЭКН" minOccurs="1" maxOccurs="1"/>
<xs:element ref="ИЖН" minOccurs="0" maxOccurs="1"/>
<xs:element ref="ФайлБлогу"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name="ЖӨЭКН">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:string">
<xs:pattem value="\d{3}-\d{3}-\d{3}-\d{2}"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="ИЖН">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:string">
<xs:pattern value="\d{14}"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="ФайлБлогу">
<xs:complexType>
<xs:sequence>
<xs:element name="ФайлдардынСаны" type="xs:integer"/>
<xs:element ref="ОбраздардынФайлы" minOccurs="1" maxOccurs="unbounded"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name="ОбраздардынФайлы">
<xs:complexType>
<xs:sequence>
<xs:element ref="Документтинкоду" minOccurs="1" maxOccurs="1"/>
<xs:element name="ДокументтинОбразы" minOccurs="1" maxOccurs="1" type="xs:string"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name="ДокументтинКоду">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:integer">
<xs:minlnclusive value-"1"/>
<xs:maxlnclusive value="9"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
</xs:schema>
Формулярлардын жыйынды тизиминин XSD-схемасынын графикалык визуализациясы
1-сүр. XSD-схемасынын графикалык көрүнүшү
Формулярлардын жыйынды тизиминин файлынын тесттик мисалы:
<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?>
<ЭДСФР xmlns:xsi="http://www.w3.org/2001/XMLSchema-instance">
<ЖөнөтүүчүӨлкө>417</ЖөнөтүүчүӨлкө>
<Саны>2</Саны>
<Пенсионер>
<Фамилия>Петракова</Фамилия>
<Аты>Зулейха</Аты>
<Атасынынаты>Аслановна</Атасынынаты>
<ТуулганДатасы>01.01.1950</ТуулганДатасы>
<ЖӨЭКН>555-333-222 55</ЖӨЭКН>
<ИЖН>12345678911234</ИЖН>
<ФайлБлогу>
<ФайлдардынСаны>3</ ФайлдардынСаны>
< ОбраздардынФайлы>
<ДокументтинКоду> 1 </ДокументтинКоду>
<ДокументтинОбразы>тест1.djvu</ДокументтинОбразы> (же
<ДокументтинОбразы>тест1.pdf</ДокументтинОбразы>)
</ОбраздардынФайлы>
<ОбраздардынФайлы>
<ДокументтинКоду>2</ДокументтинКоду>
<ДокументтинОбразы>тест2.djvu</ДокументтинОбразы> (же< ДокументтинОбразы>тест2.pdf </ДокументтинОбразы>)
</ОбраздардынФайлы><ОбраздардынФайлы>
<ДокументтинКоду>3</ДокументтинКоду>
<ДокументтинОбразы>тест3.djvu</ДокументтинОбразы>
(же <ДокументтинОбразы>тест3.pdf</ДокументтинОбразы>)
</ОбраздардынФайлы>
</ФайлБлогу >
</Пенсионер>
<Пенсионер>
<Фамилия>Петракова</Фамилия>
<Аты>Зульфия</Аты>
<Атасынынаты>Фархадовна</Атасынынаты>
<Туулган Датасы>01.05.1952</Туулган Датасы>
<ЖӨЭКН>544-333-222 55</ЖӨЭКН>
<ИЖН>123451234567819</ИЖН>
<ФайлБлогу>
<ФайлдардынСаны>3</ФайлдардынСаны>
<ОбраздардынФайлы >
<ДокументтинКоду>1</ДокументтинКоду>
<ДокументгинОбразы>тест4.djvu</ДокументтинОбразы> (же
<ДокументтинОбразы>тест4.pdf</ДокументтинОбразы>)
</ОбраздардынФайлы>
<ОбраздардынФайлы>
<ДокументтинКоду>2</ДокументтинКоду>
<ДокументтинОбразы>тест5.djvu</ДокументтинОбразы > (же <
ДокументтинОбразы>тест5.pdf</ДокументтинОбразы>)
</ОбраздардынФайлы><ОбраздардынФайлы>
<ДокументтинКоду>3</ДокументтинКоду>
<Документтин Образы>тест6.djvu</ДокументтинОбразы> (же
<Документтин Образы>тест6.pdf</ДокументтинОбразы>)
</ОбраздардынФайлы>
</ФайлБлогу>
</Пенсионер>
</РСФЭД>
|
| 20___-жылдын "____" ____________ № ______ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 5-тиркемеси |
Түзүмдөштүрүлгөн документтердин электрондук түрдө өз ара аракеттенүү форматтарынын сыпаттамасы. Эмгектенгендиги фактысы жөнүндө маалыматтарды алмашуу
Ушул документте көрсөтүлгөн түзүмдөштүрүлгөн форматтын XSD-схемасын, анын графикалык визуализациясын жана тесттик мисалын тиркөө менен эмгектенгендиги жөнүндө маалыматтардын түзүмдөштүрүлгөн форматынын сыпаттамасы берилген.
1-таблица. Эмгектенгендиги жөнүндө маалыматтардын түзүмдөштүрүлгөн форматынын сыпаттамасы
№ | Документтин тегинин аталышы | Тиби | Милдеттүүлүк | Документтин тегине түшүндүрмө |
1 | РСФЭД | Блок | Ооба | Түзүмдөштүрүлгөн элементтин түпкү элементи |
2 | ЖөнөтүүчүӨлкө | Саптык тип | Ооба | Документтердин пакетин жиберген өлкө (мүмкүн болгон маанилер 643 - Россия Федерациясы, 417 - Кыргыз Республикасы) |
3 | ТизмениЖиберүү | Бүтүн сандуу гип | Ооба | Тизмени берүү багыты: 1 - баштапкы тизме 2 - контрагентке кайтарылган маалыматтар менен толукталган тизме |
4 | Саны | Бүтүн сандуу тип | Ооба | Берилүүчү документтеги адамдардын саны |
5 | Пенсионерлердин- Тизмеси | Блок | Ооба | Документтеги пенсионерлердин тизмеси |
5.1 | Пенсионер | Блок | Ооба | Документтеги пенсионерлер жөнүндө маалыматтар |
5.1.1 | Фамилиясы | Саптык тип | Ооба | Пенсионердин фамилиясы |
5.1.2 | Аты | Саптык тип | Ооба | Пенсионердин аты |
5.1.3 | Атасынынаты | Саптык тип | Жок | Пенсионердин атасынын аты |
5.1.4 | ГуулганДатасы | "Дата" тиби | Ооба | ДД.АА.ЖЖЖЖ. форматында пенсионердин туулган датасы |
5.1.5 | ЖӨЭКН | Саптык тип | Ооба | Жеке өздүк эсептин камсыздандыруу номери (ЖӨЭКН), Россия Федерациясындагы адамдын негизги идентификатору. Шаблон: ХХХ-ХХХ-ХХХ XX же ХХХ-ХХХ-ХХХ-ХХ, мында X - [0..9] диапазондогу цифра |
5.1.6 | ИЖН | Саптык тип | Жок | Идентификациялык жеке номер, Кыргыз Республикасындагы адамдын негизги идентификатору. Шаблон: ХХХХХХХХХХХХХХ, мында X - [0..9] диапазондогу цифра |
5.1.7 | Иштейт | Бүтүн сандуу тип | Жок-баштапкы тизмени берүүдө, ооба-кайтарма тизмени берүүдө | Пенсионердин эмгектенгендиги фактысы: 0 - Пенсионер эмгектенбейт; 1 - Пенсионер эмгектенет |
Эмгектенгендиги жөнүндө маалыматтардын файлын атоо эрежеси:
Файл төмөнкү шаблон боюнча гана аталат:
S-CCC-MM-YYYY-NNNNNNN.xml, мында:
ССС - файлды жиберүүчү өлкө;
ММ - файл түзүлгөн ай;
ҮҮҮҮ - файл түзүлгөн жыл;
NNNNNNN - файлдын катар номери;
Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына берилүүчү эмгектенгендиги жөнүндө маалыматтардын файлынын мисалы:
S-643-12-2022-0000001.xml
XSD-эмгектенгендиги жөнүндө маалыматnардын түзүмдөштүрүлгөн форматынын схемасы:
<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?>
<xs:schemaxmlns:xs="http://www.w3.org/2001/XMLSchema" elementFormDefault="qualified">
<xs:element name="РСФЭД">
<xs:complexType>
<xs:sequence>
<xs:element ref="ЖөнөтүүчүӨлкө" minOccurs=" maxOccurs="1"/>
<xs:element ref="ТизмениЖиберүү" minOccurs="1" maxOccurs="1"/>
<xs:element name="Саны" minOccurs="1" maxOccurs="1" type="xs:integer"/>
<xs:element ref="ПенсионерлердинТизмеси"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name="ЖөнөтүүчүӨлкө">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:string">
<xs:enumeration value="643"/>
<xs enumeration value="417"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="ТизмениЖиберүү">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:integer">
<xs:enumeration value="1"/>
<xs:enumeration value="2"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="ПенсионерлердинТизмеси">
<xs:complexType>
<xs:sequence>
<xs:element ref="Пенсионер" maxOccurs="unbounded"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name="Пенсионер">
<xs:complexType>
<xs:sequence>
<xs:element name="Фамилиясы" minOccurs=" 1" maxOccurs=" 1" type="xs:string"/>
<xs:element name="Аты" minOccurs="1" maxOccurs=" 1" type="xs: string"/>
<xs:element name="Атасынынаты" minOccurs="0" maxOccurs="1" type="xs:string"/>
<xs:element name="ТуулганДатасы" minOccurs="1" maxOccurs="1" type="xs:date"/>
<xs:element ref="ЖӨЭКН" minOccurs="1" maxOccurs="1"/>
<xs:element ref="ИЖН" minOccurs="1" maxOccurs="1"/>
<xs:element ref="Иштейт" minOccurs="1" maxOccurs="1"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name="ЖӨЭКН">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:string">
<xs:pattern value="\d{3}-\d{3}-\d{3}-\d {2}"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="ИЖН">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:string">
<xs:pattern value="\d{14}"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="Иштейт">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:integer">
<xs:minlnclusive value="0"/>
<xs:maxlnclusive value="1"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
</xs:schema>
Эмгектенгендиги жөнүндө маалыматтардын XSD-схемасынын графикалык визуализациясы:
1-сүр. XSD-схемасынын графикалык көрүнүшү
Файлдын тесттик мисалы (контрагент тарабынан жиберилген эмгектенгендиги жөнүндө суроо-талап жүргүзүлүп жаткан пенсионерлер жөнүндө маалыматтар менен баштапкы файл):
<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?>
<РСФЭД>
<ТизмениЖөнөтүүчүӨлкө>417</ТизмениЖөнөтүүчүӨлкө>
<ТизмениЖиберүү>1</ТизмениЖиберүү>
<Саны>2</Саны>
<ПенсионерлердинТизмеси>
<Пенсионер>
<Фамилиясы>Жарыкова</Фамилиясы>
<Аты>Байма</Аты>
<Атасынынаты>Турдубековна</Атасынынаты>
<ТуулганДатасы>01.01.1950</ТуулганДатасы>
<ЖӨЭКН>555-333-222 55</ЖӨЭКН>
<ИЖН>12345678913211</ИЖН>
</Пенсионер>
<Пенсионер>
<Фамилиясы>Жарыкова</Фамилиясы>
<Аты>Апиза</Аты>
<Атасынынаты>Аскеновна</Атасынынаты>
<ТуулганДатасы>01.01.1952</ТуулганДатасы>
<ЖӨЭКН>555-333-333 55</ЖӨЭКН>
<ИЖН> 12345678912345/ИЖН>
</Пенсионер>
</ПенсионерлердинТизмеси>
</РСФЭД>
Файлдын тесттик мисалы (контрагентке кайтарып берилүүчү, маалыматтар менен толукталган, эмгектенгендиги жөнүндө маалыматтар менен файл):
<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?>
<РСФЭД>
<ТизмеЖөнөтүүчүӨлкө>417</ТизмениЖөнөтүүчүӨлкө >
<ТизмениЖиберүү>2</ТизмениЖиберүү>
<Саны>2</Саны>
<ПенсионерлердинТизмеси>
<Пенсионер>
<Фамилиясы>Жарыкова</Фамилиясы>
<Аты>Батма</Аты>
<Атасынынаты>Турдубековна</Атасынынаты>
<ТуулганДатасы>01.01.1950</ТуулганДатасы>
<ЖӨЭКН>555-333-222 55</ЖӨЭКН>
<ИЖН>12345 678912345</ИЖН>
<Иштейт>1</Иштейт>
</Пенсионер>
<Пенсионер>
<Фамилиясы>Жарыкова</Фамилиясы>
<Аты>Апиза</Аты>
<Атасынынаты>Аскеновна</Атасынынаты>
<ТуулганДатасы>01.01.1952</ТуулганДатасы>
<ЖӨЭКН>555-333-333 55</ЖӨЭКН>
<ИЖН>12345678912345/ИЖН>
<Иштейт>1</Иштейт>
</Пенсионер>
</ПенсионерлердинТизмеси>
</РСФЭД>
|
| 20___-жылдын "____" ____________ № ______ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 6-тиркемеси |
Түзүмдөштүрүлгөн документтердин электрондук түрдө өз ара аракеттенүү форматтарынын сыпаттамасы. Пенсия алуучулар жөнүндө маалыматтар
Бул документте Тараптардын пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалыматтарынын түзүмдөштүрүлгөн форматынын сыпаттамасы көрсөтүлгөн түзүмдөштүрүлгөн форматтын XSD-схемасын, анын графикалык визуалдаштыруусун жана тесттик мисалын тиркөө менен берилген.
1-таблица. Тараптардын пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалыматтарынын түзүмдөштүрүлгөн форматынын сыпаттамасы
№ | Документтин тэгинин аталышы | Тиби | Милдеттүүлүк | Документтин тэгине түшүндүрмө |
1 | РСФЭД | Блок | бар | Түзүмдөштүрүлгөн элементтин түпкү элементи |
2 | ТизмеЖөнөтүүчү Өлкө | Саптык тип | бар | Документтердин пакетин жиберген өлкө (мүмкүн болгон маанилер 643 - Россия Федерациясы, 417 - Кыргыз Республикасы) |
3 | ТизмеАлуучу Өлкө | Саптык тип | бар | Документтердин пакетин алуучу өлкө (мүмкүн болгон маанилер 643 - Россия Федерациясы, 417 - Кыргыз Республикасы) |
4 | ТизмениЖөнөтүү | Бүтүн сандуу тип | бар | Тизмени берүүнүн багыты: 1 - баштапкы тизме 2 - контрагентке кайтарылган маалыматтар менен байытылган тизме |
5 | Саны | Бүтүн сандуу тип | бар | Берилген документте адамдардын саны |
6 | Пенсионерлердин Тизмеси | Блок | бар | Документте пенсионерлердин тизмеси |
6.1 | Пенсионер | Блок | бар | Документте пенсионерлер жөнүндө маалыматтар |
6.1.1 | Фамилиясы | Саптык тип | бар | Пенсионердин фамилиясы |
6.1.2 | Аты | Саптык тип | бар | Пенсионердин аты |
6.1.3 | АтасынынАты | Саптык тип | жок | Пенсионердин атасынын аты |
6.1.4 | ТуулганДатасы | "Дата" тиби | бар | КК.АА.ЖЖЖЖ. форматында пенсионердин туулган датасы |
6.1.5 | ЖӨЭКН | Саптык тип | бар | Жеке өздүк эсептин камсыздандыруу номери (ЖӨЭКН), Россия Федерациясында адамдын негизги идентификатору. Шаблон: ХХХ-ХХХ-ХХХХХ же ХХХ-ХХХ-ХХХ-ХХ, мында X - [0..9] диапазондогу цифра |
6.1.6 | ИЖН | Саптык тип | жок | Идентификациялык жекече номер, Кыргыз Республикасында адамдын негизги идентификатору. Шаблон: ХХХХХХХХХХХХХХ, мында X - [0..9] диапазондогу цифра |
6.1.7 | БелгилөөДатасы Жөнөтүүчү | "Дата" тиби | бар | Тизме жөнөтүүчү өлкө тарабынан пенсия белгиленген дата, КК.АА.ЖЖЖЖ. форматында |
6.1.8 | ТоктотууДатасы Жөнөтүүчү | "Дата" тиби | жок | Тизме жөнөтүүчү өлкө тарабынан пенсия төлөөнү токтоткон дата КК.АА.ЖЖЖЖ форматында |
6.1.9 | БелгилөөДатасы Алуучу | "Дата" тиби | жок | Тизме алуучу өлкө тарабынан пенсия белгиленген дата, КК.АА.ЖЖЖЖ форматында |
6.1.10 | ТоктотууДатасы Алуучу | "Дата" тиби | жок | Тизмени алуучу өлкө тарабынан пенсия төлөөнү токтоткон дата КК.АА.ЖЖЖЖ форматында |
Тараптардын пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалыматтар форматынын файлын атоо эрежеси:
Файл катуу тартипте төмөнкү шаблон боюнча аталат:
S-CCC-MM-YYYY-NNNNNNN.xml, мында:
ССС - файл жөнөткөн-өлкө;
ММ - файл түзүлгөн ай;
ҮҮҮҮ - файл түзүлгөн жыл;
NNNNNNNN - файлдын катар номери.
Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына берилүүчү Тараптардын пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалымат форматындагы файлдын мисалы:
S-643-12-2022- 0000001.xml
Тараптардын пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалыматтарынын түзүмдөштүрүлгөн форматынын XSD-схемасы:
<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?>
<xs:schema xmlns:xs="http://www.w3.org/2001/XMLSchema" element-Form-Default="qualified">
<xs:element name="РСФЭД">
<xs:complexType>
<xs:sequence>
<xs:element ref="ТизмеЖөнөтүүчүӨлкө" minOccurs=" 1" max-Occurs="1"/>
<хs:element ref="ТизмеАлуучуӨлкө" minOccurs="1" max-Occurs="1"/>
<xs:element ref="ТизмениЖөнөтүү" minOccurs="1" max-Occurs="1"/>
<xs:element name="Саны" minOccurs="1" maxOccurs="1" type=''xs:integer"/>
<xs:element ref="ПенсионерлердинТизмеси"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name="ТизмеЖөнөтүүчүӨлкө">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:string">
<xs:enumeration value="643"/>
<xs:enumeration value="417"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element namе="ТизмеАлуучуӨлкө">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:string">
<xs:enumeration value="643"/>
<xs:enumeration value="417"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="ТизмениЖөнөтүү">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:integer">
<xs:enumeration value="1"/>
<xs:enumeration value="2"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="ПенсионерлердинТизмеси">
<xs:complexType>
<xs:sequence>
<xs:element ref="Пенсионер" maxOccurs="unbounded"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name="Пенсионер">
<xs:complexType>
<xs:sequence>
<xs:element name="Фамилиясы" minOccurs="1" maxOccurs=" 1" type="xs:string"/>
<xs:element name="Аты" minOccurs="1" maxOccurs="1 type="xs:string"/>
<xs:element name="АтасынынАты" minOccurs="0" maxOccurs="1" type="xs:string"/>
<xs:element name="ТуулганДатасы" minOccurs="1" maxOccurs="1" type="xs:date"/>
<xs:element ref="ЖӨЭКН" minOccurs="1" maxOccurs="1"/>
<xs:element ref="ИЖН" minOccurs="1" maxOccurs="1"/>
<xs:element name="БелгилөөДатасыЖөнөтүүчү" minOccurs="1" maxOccurs="1 type="xs:date"/>
<xs:element name="ТоктотууДатасыЖөнөтүүчү" minOccurs="0" maxOccurs="1" type="xs:date"/>
<xs:element name="БелгилөөДатасыАлуучу" minOccurs="0" maxOccurs="1" type="xs:date"/>
<xs:element name="ТоктотууДатасы Алуучу" minOccurs="0" maxOccurs="1" type="xs:date"/>
</xs:sequence>
</xs:complexType>
</xs:element>
<xs:element name="ЖӨЭКН">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:string">
<xs:pattern value="\d{3}-\d{3}-\d{3}-\d{2}"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
<xs:element name="ПИН">
<xs:simpleType>
<xs:restriction base="xs:string">
<xs:pattern value="'\d{14}"/>
</xs:restriction>
</xs:simpleType>
</xs:element>
</xs:schema>
Тараптардын пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалыматтарынын XSD-схемасынын графикалык визуалдашуусу:
1-сүрөт. XSD-схемасынын графикалык чагылдырылышы
Файлдын тесттик мисалы (контрагент тарабынан жиберген пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалыматтар менен баштапкы файл);
<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?>
<РСФЭД>
<ТизмеЖөнөтүүчүӨлкө >417</ТизмеЖөнөтүүчүӨлкө>
<ТизмеАлуучуӨлкө>643</ТизмеАлуучуӨлкө>
<ТизмениЖөнөтүү>1</ТизмениЖөнөтүү>
<Саны>2</Саны>
<ПенсионерлердинТизмеси>
<Пенсионер>
<Фамилиясы>Жарыкова</Фамилиясы>
<Аты>Байма</Аты>
<АтасынынАты>Турдубековна</АтасынынАты >
<ТуулганДатасы>01.01.1950</Туулган Датасы>
<ЖӨЭКН>555-333-222 55</ЖӨЭКН>
<ИЖН>12345678913211</ИЖН>
< БелгилөөДатасыЖөнөтүүчү>01.01.1998</БелгилөөДатасыЖөнөтүүчү>
<ТоктотууДатасыЖөнөтүүчү>01.01.2020</ТоктотууДатасыЖөнөтүүчү>
</Пенсионер>
<Пенсионер>
<Фамилиясы>Жарыкова</Фамилиясы>
<Аты>Апиза </Аты>
<Атасынын Аты>Аскеновна</АтасынынАты>
<Туулган Датасы >01.01.1952</ТуулганДатасы >
<ЖӨЭКН>555-333-33355</ЖӨЭКН>
<ИЖН>1234567892</ИЖН>
< БелгилөөДатасыЖөнөтүүчү>01.01.1998</БелгилөөДатасыЖөнөтүүчү> </Пенсионер>
</ПенсионерлердинТизмеси>
</РСФЭД>
Файлдын тесттик мисалы (Маалыматтар менен байытылган контрагентке кайтарылуучу пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалыматтар файлы):
<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?>
<РСФЭД>
< ТизмеЖөнөтүүчүӨлкө>417</ТизмеЖөнөтүүчүӨлкө>
<ТизмеАлуучуӨлкө>643</ТизмеАлуучуӨлкө>
<ТизмениЖөнөтүү>2</ТизмениЖөнөтүү>
<Саны>2</Саны>
<ПенсионерлердинТизмеси>
<Пенсионер>
<Фамилиясы>Жарыкова</Фамилиясы>
<Аты>Эльнура</Аты>
<АтасынынАты>Талантовна</Атасынын Аты>
<ТуулганДатасы >01.01.1950</ТуулганДатасы>
<ЖӨЭКН>555-333-222 55</ЖӨЭКН>
<ИЖН>12345678913421</ИЖН>
<БелгилөөДатасыЖөнөтүүчү>01.01.1998</БелгилөөДатасыЖөнөтүүчү>
<ТоктотууДатасыЖөнөтүүчү>01.01.2020</ТоктотууДатасыЖөнөтүүчү>
<БелгилөөДатасыАлуучунун>01.01.1996</БелгилөөДатасыАлуучу >
</Пенсионер>
<Пенсионер>
<Фамилиясы>Жарыкова</Фамилиясы>
<Аты>Диана</Аты>
<Атасынын Аты>Уркасымовна</АтасынынАты>
<Туулган Датасы>01.01.1952</ТуулганДатасы>
<ЖӨЭКН>555-333-333 55</ЖӨЭКН>
<ИЖН>12345678922376</ИЖН>
< БелгилөөДатасыЖөнөтүүчү>01.01.1998</БелгилөөДатасыЖөнөтүүчү>
<БелгилөөДатасы Алуучу>01.05.2002</БелгилөөДатасы Алуучу>
<ТоктотууДатасыЖөнөтүүчү>01.01.2023</ТоктотууДатасыЖөнөтүүчү> </Пенсионер>
</ПенсионерлердинТизмеси>
</РСФЭД>
|
| 20___-жылдын "____" ____________ № ______ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун 7-тиркемеси |
Социалдык фонду менен РСФнын ортосундагы корголгон электрондук өз ара аракеттенүү схемасы