КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-июлу № 373
2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 52 (3605) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |