Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-декабры № 01-4/41
Баланска кабыл алуу жөнүндө
“Нива” сельхозкооперативинин отурумунун №24 протоколунун негизинде, 31.10.2022-жылда №53212 бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоодон өткөн серия №1118949, идентификациялык №7-08-12-0009-0431, жалпы аянты 0,35га жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысына ылайык “Нива” сельхозкооперативине тиешелүү 1-Май айылында жайгашкан суу алуучу мунараны баланска өткөрүү жөнүндө Саз айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 14-апрелиндеги №06 чечиминин негизинде Крупская атындагы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылынын №30 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,35га суу алуучу мунараны Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн балансына акысыз алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына, жеке турак жай куруу жана башка маселелер боюнча комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | М.Акчалов |