Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-августу № 01-4/22
Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 Бюджеттик Кодексинин 45-беренесинин (“Бюджеттер аралык мамилелердин принциптери”) “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан бюджеттердин кирешелериндеги же кошумча чыгашаларындагы жоготуулардын ордун толтуруу” пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №137 токтомуна “2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин” 2-пункту киргизилгендигине байланыштуу Крупская атындагы айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен түшкөн 827,1 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын төмөнкү багыттарга жиберилсин:
№ | Бөлүк | Статья | 2022-жыл | I | II | III | IY |
1 | 70111 | 2211 | 50,0 |
|
| 50,0 |
|
2 | 70629 | 2215 | 661,8 |
|
| 661,8 |
|
3 | 70811 | 2215 | 3,3 |
|
| 3,3 |
|
4 | 70921 | 2215 | 110,0 |
|
| 110,0 |
|
5 | 709215 | 2215 | 2,0 |
|
| 2,0 |
|
|
| Жалпы: | 827,1 |
|
| 827,1 |
|
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик-пландоо боюнча комиссиясына жана ФЭБ башчысы Г.Тулиновага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | М.Р.Акчалов |