КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 01-4/24
Бала бакчанын капиталдык ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Крупская атындагы айыл аймагынын айылдык кенешинин 2023-жылдын 27-январындагы №01-4/01 токтому менен айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бюджеттик планына ылайык, АРИС программасынын долбоорунун негизинде Сокулук айылынын Калинина көчөсү №69а дарегиндеги бала бакчанын имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталып жаткандыктан, АРИСтин талаптарына ылайык өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каралган акча каражатын бөлүп берүүгө Крупская атындагы айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылындагы Калинина көчөсү №69а дарегиндеги бала бакчанын имаратынын капиталдык ремонт иштерине Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10,0млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эдигеевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | М.Акчалов |