Редакцияот 25.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-августу № 01-4/26

Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесин жетекчиликке алып, Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2023-жылдын 22-майындагы №61/23 Архитектуралык-техникалык корутундусунун жана айыл өкмөтүнүн жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 25-июлундагы №4 протоколунун негизинде Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиясынын төрагасы Р.Н.Иштыбаевдин 1-Май айылынын Сырдыбай №62а көчөсүндөгү аянты 2418,0 м/кв жер тилкесинин максаттык багытын огороддон жеке турак-жай курууга өзгөртүү жөнүндө Чомоков Канатбек Аскарбаевичтин арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Крупская атындагы айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 1-Май айылынын Сырдыбай №62а көчөсүндө жайгашкан аянты 2418,0 м/кв жер тилкесинин максаттык багытын огороддон жеке турак-жай курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эдигеевге ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Р.Иштыбаевге жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

М.Р.Акчалов